Биз менен байланышыңыз

Насирдинов: Көлдө эс алуу арзандады

Күн чекит | 2 Июл 2019 | 546 | 0

Ысык-Көлдө жайкы сезон башталды. Керемет көлүбүзгө өз өлкөбүз тургай, алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөн да келип эс алып, табияттын кооздугуна суктанып кеткендер арбын. Көлдүн эли да туристтерди көп тартуу максатында жыл сайын, айрыкча жай мезгилинде ар кандай иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет. Быйылкы сезон кандай башталды? Кайсы өлкөдөн көбүрөөк келүүдө? Ушул өңдүү суроолордун айланасында Эс алуучу жайлар ассоциациясынын төрагасы Акжолтой Насирдинов менен түз эфирде маек курдук.

— Ысык-Көлгө туристтердин быйылкы агымы кандай болуп жатат?

— Буга чейинки иш-чаралардын жыйынтыгы көп билине элек. Анткени, күн эми гана ысып, сезон жаңы кызып баштады. Коноктор чекесинен келип жатат. Былтыр бул убакытта казак боордоштордун көбү келип калчу. Быйыл андай эмес. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой, Казакстан да өзүлөрүнүн жарандарын туристтик аймактарына тартып жатышат. Ошон үчүн ал мамлекеттен адамдар аз. Кыргызстандыкы эми айтпаса деле белгилүү да. Бишкектен жана башка дубандан келип жатышат.

— Казакстандан башка да кайсы өлкөдөн келишүүдө?

— Орусиядан жана Өзбекстандан келип жатышат. Бирок бир нерсени кошумчалай кетишибиз керек, конокторду транспорт маселеси кыйнап коюуда. Маселен, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө эле 5 саат кетип калганын да айтып жатышат. Өзбекстандан автобус менен келгенден заарканып, баш тартып коюп жатышат. Өкмөт ушул сыяктуу маселелерди да  эсине алып койсо.

— Сервистик тейлөөнүн абалына да токтоло кетсеңиз. Анткени, келген коноктор үчүн бул абдан эле маанилүү…

— Албетте, сервисттик тейлөө биринчи каралат. Туристтер ошого жараша келет да. Мурун «Ысык-Көлдө сервистик тейлөө акчасына ылайык эмес экен», — деген сөздөр көп айтылчу. Бирок учурда бул маселе чечилген. Маселен, жата турган жайлар, котеждердин баалары 20-30%га арзандаган. Эл келбесе, арзандатышка туура келет да.

— Эс алуучулардын маанайы кандай? 

— Абдан сонун! Эс алган кимге гана жакпайт? Орусиядан келгендердин көбү бронхит, муун оорулары менен оорушат экен. Интеренттен дарычылыгы бар дегенди окуп, анан атайын келишиптир. «Суу жагып, кадимкидей жакшы болуп калдык», — деген сөздөр көп эле болуп жатат. Коопсуздук да каралып, аба ырайы да биз ойлогондой болуп жатат. Эгерде ушул темп менен кете берсек, быйыл туристтердин эсебинен бюджетке  көп эле каражат түшчүдөй.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM