Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Шарджа аба каттамы 5-июлда ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2019 | 786 | 0

5-июлда Бишкек-Шарджа аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, убактылуу сезонго карата да аба каттамдары ачылууда. Алсак, быйыл жалпы 5 каттам ачылды. Алдыда Ош-Стамбул каттамы ачылат. Ошондой эле, Ош-Санкт-Петербург каттамын ачуу боюнча анализ жүргүзүлүп, жүргүнчүлөрдүн муктаждыгы иликтенип жатат.

Ош-Үрүмчү каттамын ачуу боюнча келишимге кол коюлган. Мындан сырткары, буга чейин ачылып, бирок токтоп калган каттамдарды жандандыруу иштери жүрүүдө.

«Ошто Орусиянын 4 шаарына аба каттамы ачылды. Пакистанга ачылган каттамдар бар, бирок виза алуу  көйгөйлөрүнөн улам иштебей жатат. Алар жоюлса, Пакистан-Бишкек каттамын ишке ашыруу үчүн даяр авикомпаниялар бар. Буга кошумча туристтик компаниялардын аракеттери күчтүү. Чартердик каттамдар ачылууда», — дейт Акышев.

Ал кошумчалагандай, ички аба каттамдарын ата мекендик 3 компания аткарууда. Учактардын билет баасы 4 миң сомдон ашпайт. Атаандаштыктын эсебинен гана билет бааларын төмөндөтүүгө мүмкүн.

 

Copyright © 2017 Maral FM