Биз менен байланышыңыз

Тамчы Эл аралык аэропорту сезонду ачты

Коом | 27 Июн 2019 | 616 | 0

Ысык-Көл районуна караштуу «Тамчы» Эл аралык аэропортуна Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Оштон авиакаттамдар ачылды. Мындай саамалыкка айрыкча, Ѳзбекстандан келген эс алуучулар өзгөчө кубанычта.

Ташкент шаарынын тургуну Талант Жораев буга чейин Ысык-Көлгө автоунаа менен келчү. Ага көп убакыт коротуп, жолдо жүрүү кыйла чарчатып койчу. Бул жолу «Узбекистан хаво йуллари» авиакомпаниясынын учагы аркылуу 1 саат 10 мүнөттө эле жетип алды. Ал убакыттын үнөмдөлүүсү жана учактын үстүнөн Ысык-Көлдү көргөнү кубандырганын айтат.

Мурдагы келгенибизде көлдүн жээгиндеги кооздукка суктанып кетсек, бул жолу учактын үстүнөн суунун ушунчалык кереметин байкап, толкунданып отурам. Аба каттамды ишке киргизгендерге тереӊ ыраазычылык билдирем. Себеби, бул жакта тейлөөгө болгон шарттар, тамактануучу жайлар биздин чөнтөккө ылайыктуу, сапаттуу деп да айта алам. Келгенге чейин абдан кызык болду, эми чарчап-чаалыкпай ойдогудай эс алам.

«Узбекистон хаво йуллари» компаниясынын учагы алгачкы каттамында 140 адам менен келди. Алардын катарында көлдү көрүүнү 20 жылдан бери эӊсеп келаткан Гүлнора Шахрипова да бар. Ал эңсөөсү быйыл ишке ашканын, жалгыз келбей 8 жашар кызын да ээрчите келгенин кубануу менен билдирди.

Бизди тосуп алган кыргызстандыктар өтө жагымдуу маанай тартуулады. Ушунчалык элдин меймандостугу, чет элдиктерге болгон сый-урматын жогору бааладым. Анын ичинен көлдүктөр да өзгөчө мүнөзгө ээ деп сыпаттай алам. Сиздердин көлүнөр кандай гана керемет, кандай гана бермет. Биз дагы жергиликтүү жашоочуларды Өзбекстанга эс алып кетүүгө чакырабыз.

Жайкы туризмге карата «Тамчы» Эл аралык аэропорту алдыда эки ай учактарды тейлейт. Быйылкы жайкы эс алуу мезгилине карата алгачкы каттамды Новосибирск шаарындагы «S-7» авиакомпаниясынын учагы ачып берди. Мындан тышкары, Ѳзбекстандын аэропорттору да ишке кирди. «Эки өлкөнүн бул аракети туризмдин өнүгүүсүнө жана ич-ара карым-катышка шарт түзөт», — деди Ѳзбекстандын Туризмди өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Сардор Сайдирасулов.

— Мен Кыргыз-Ѳзбек өлкөлөрүнүн биргеликте иш алып баруусунан жакшы жыйынтык чыгат деген ойдомун. Себеби, жыл сайын эки мамлекетке каттагандардын саны көбөйүп, мурдагыдан айырмачылык чоӊ. Айрыкча Ысык-Көлгө аба каттамды ачып берген демилгечи топторго да ыраазычылык билдирем. Мындан ары учак менен чектелбей, ар кандай турларды уюштуруп, туристтик компаниялар менен да кызматташууга жол ачылат.

Булардан сырткары, «Тамчы» аэропортуна Оштон «TezJet», Алматыдан «QAZAQ Air» компанияларынын учактары да жүргүнчүлөрдү ташыйт. Буга чейин тейлөө жана техникалык шарттар бир катар даярдыктан өткөн. Ошондой эле, мурдагы кемчиликтер да эске алынганын «Тамчы» эл аралык аэропортунун жетекчисинин орун басары Мурат Апышев маалымдады.

— Бул 4 авиакаттам 1-сентябрга чейин иштейт. Новосибирск, Ташкенттен жумасына 1 жолудан, Алматыдан 2 жана Оштон 4 жолу учак келет. Жайкы туризмге карата даярдыктар жакшы. Атайын техникалар жана кызмат көрсөтүүчү адистер жетиштүү.

Белгилей кетсек, 2018-жылы «Тамчы» эл аралык аэропортуна 12 миӊдей турист учуп келген. Бул жылы Ѳзбекстанды кошкондо эс алуучулардын саны 17 миӊге жетери күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM