Биз менен байланышыңыз

Бокошев: Кой-Таштагы штабды көзөмөлдөбөсө, башка күчтөр колдонуп кетиши мүмкүн

Күн чекит | 26 Июн 2019 | 1367 | 0

27-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси каралат. Бирок бүгүн, 26-июнда Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары элдик штаб түзүп, ага колдоо көрсөтүп жатышат. Атамбаев коомчулукка билдирүү таратып, кыргыз эли үчүн көптөгөн иштерди жасаганын айтты. Биз бул теманын тегерегинде саясат талдоочу Жамгырбек Бокошев менен маек курганбыз.

— Жогорку Кеңеште экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселеси эртең каралганы турат. Ал эми бүгүн Кой-Ташта экс-президенттин колдоочулары чогулуп жатат. Азыркы түзүлүп жаткан кырдаал кооптуулукту жаратпай элеби?

— Албетте. Бул — коомчулукту сарсанаа кылган маселе. Себеби, кайсы бир маселе боюнча эл чогулуп, штаб түзүү — жарандардын өз укугу. Ошол эле учурда бардыгы мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мыйзамга ылайык иштер алып барылышы керек. Ал эми чогулган адамдар балким өзүлөрү билбейт, эмнеге чогулуп жатканын. Кандайдыр бир чагымчылыкка алдырып, күтүүсүз окуяга аралашып калышса, кийин бармагын тиштеши мүмкүн. Азырынча тиги-бу деп айтуу кыйын, бирок кооптуу эле жагдай болуп турат.

— Тиреш кооптуу болуп турган мезгилде бийлик жана күч түзүмдөрү кандай аракет көрүшү керек?

— Эң биринчи кезекте биз мыйзамдын жолу менен гана кыймылдашыбыз керек. Ошол жердеги элге түшүндүрүү иштери жүрүшү керек. Бийликтин өкүлдөрү бардык кыймыл аракетти дыкат карап турушу керек. Ал эми штаб түзүү жөнөкөй эле нерсе көрүнүшү мүмкүн, бирок күтүлбөгөн окуя болуп, башка күчтөр пайдаланып да кетиши мүмкүн. Өзүбүздүн кыйынчылыгыбызды тандай турган болсок, ошол эле эл жана бийлик, мамлекет катуу жабыр тартат.

— Коомчулук үчүн башкы прокурордун жыйынтыгы белгилүү болуп калды. Ошол эле учурда Атамбаев тарап башкача да пикирлерди айтып жатышат. Дегеле мындай кырдаалда мунасага келүүгө болобу? Мүмкүнбү?

— Мүмкүн, албетте. ЖМКларда мурунку президент жана азыркы президенттин тирешүүсү деп айтылып жатат. Бирок бул туура эмес, себеби, эки адамдын мамилесин талкулоо болгон жок да. Болгону экс-президентке эл өкүлдөрү тарабынан конкреттүү доолор коюлбадыбы. Эми аны иликтеп, ал дагы мыйзам чегинде жооп бериши керек.

— Эртең 27-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси каралганы турат. Саясий серепчи катары айтсаңыз, кандай жыйынтык чыгышы мүмкүн?

— Буга чейин Башкы прокуратурага жиберерде көпчүлүк эл өкүлдөрү колдоп беришкен. Эртең көрөбүз да, балким саясий оюн ойнолуп кетет. Бирок кандай болгон учурда да парламент ушул ишти баштагандан кийин, аягына чейин туруп бериши керек. Анткени, эл күтөт, алардын ичинде мен да бармын.

Copyright © 2017 Maral FM