Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Элеттеги балдардын да укугу корголот

Күн чекит | 25 Июн 2019 | 858 | 0

Бүгүн балдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форум өттү. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү. Ал коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйгөндүгүн айтып, комплекстүү иш-чараларды жасоого чакырды. Бул теманын алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров менен түз байланыш аркылуу маек курдук.

Марал: — Кыргызстан БУУнун Балдардын укугу тууралуу конвенциясына кошулганына 25 жыл болду. Кыргызстанда балдардын укугун коргоодо жылыш барбы?

Улукбек Кочкоров: — Эң жөнөкөйүнөн баштасак, өлкөдө балдарды коргоо системасы жакшы түзүлгөн эмес болчу. Биз азыр ошол системаны толугу менен түзө баштадык десек болот. Мисалы, учурда жер-жерлерде балдардын укугун коргоо боюнча биримдиктер, органдар болгону менен алар штаттык бирдик менен камсыздалбай келген. Ошондон улам иш жакшы жүргөн эмес. Мисалы, акыркы учурда мигранттардын балдарына зордук-зомбулук жасалган 8 учур катталды. Анын ичинде өлүмгө алып келген да учур болду. Биз ведомстволор аралык штаб түзүп, 697 миң үй-бүлөнү үймө-үй кыдырып, изилдеп чыктык. Анын жыйынтыгында 102400 баланы каттоого алдык, алар ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн, өздөрү ар кимдин колунда турган балдар. Мунун арасында коомчулукка ачыкталбаган 55 фактыны аныктап чыктык. Анын жарымы эле өспүрүм кыздарга жасалган сексуалдык зомбулук фактылары. Быйыл зордук-зомбулук аракетинен 3 бала көз жумду. Эң өкүнүчтүүсү, алардын бири — каттоого алынган бала.

Марал: — Мындай жагдайлар эмнеден улам келип чыгып жатат?

Улукбек Кочкоров: — Биз ар бир өкмөт алмашкан сайын оптималдаштыруу максатында штаттарды азайтабыз деп, кээ бир учурда өз милдеттерин түздөн-түз аткара албай калган учурлар болууда. Маселен, айрым райондордо үй-бүлөнү же баланы коргоо боюнча бөлүмдөрдө 2-3 кызматкер бар, бирок 300 миңге чейин калк жашайт. Кээ бир айылдар чыгышынан 100 чакырым же батышынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер-жерлерде балдардын укугун коргоо, алардын кандай шартта жашап келгендигин аныктаган орган жок болгон.

31-майда премьер-министр токтомго кол коюп, биз өзүбүздүн ушул функцияларды жергиликтүү бийликтерге өткөрүп, 953 штатка республикалык бюджеттен каржы бөлүп берип, айылдардын деңгээлинде иш алып бара турган болдук.

Copyright © 2017 Maral FM