Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Парламенттин төрайымдыгына алгачкы ирет аял шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 663 | 0

21-июнда, Ташкентте өткөн Сенаттын 20-жолку пландык отурумунда сенаттын төрайымдыгына Танзила Нарбаева шайланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министри Телеграм каналы аркылуу билдирген.

Өзбекстандын тарыхында парламенттин башына келген алгачкы айым экени айтылууда.

Буга чейин Танзила Нарбаева премьер-министрдин орун басары — Аялдар комитетинин төрайымы болуп иштеген.

Кечээ, 20-июнда Нарбаеванын ордуна, вице-премьер – Өзбекстандагы Аялдар комитетинин төрайымы кызматына Эльмира Баситханованы бекиткен. Ал бул кызматты мурда да аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM