Биз менен байланышыңыз

«Сегизбаев менен Жолдубаева жоопкерчиликке тартылат, бирок…»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2019 | 2418 | 0

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен экс-баш прокурор Индира Жолдубаеваны жоопко тартуу үчүн саясий куугунтуктар буюртма менен жасалганы далилдениши керек. Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сегизбаев менен Жолдубаева жоопкерчиликке тартылат, бирок аягы келип экс-президент Алмазбек Атамбаевге такалат. Анткени, алар Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары. Иштердин баарын Атамбаевдин буйругу менен жасашты.

Мындан сырткары, укук коргоо органдарынын да жоопкерчилиги каралышы керек. Өзгөчө Конституциялык палата Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзамсыз иштерге барган.

Ошондой эле, саясий куугунтуктар боюнча тергөөчүлөрдүн, соттордун да күнөөсү бар.

«Саясий куугунтукка кабылгандар 30га жакын адамдын укугу корголуп, адилетүүлүк орношу керек. Репрессия үчүн жоопкерчиликти мамлекет мойнуна алышы керек. Аны Атамбаевге түртүп койгон болбойт. Атамбаев бул аракеттерди мамлекетти жетектеп турганда жасаган. Демек, ал — мамлекеттин иши. Мындан улам, мамлекет саясий куугунтукка кабылгандарды реабилитация кылышы керек», — дейт Сооронкулова.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM