Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Парламент Атамбаевге каршы бар күчүн жумшап жатат

Күн чекит | 19 Июн 2019 | 687 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу аракети менен парламенттин да тагдыры чечилет. Эгерде депутаттар мурдагы мамлекет башчынын жоопко тартылуусун колдоп бербесе парламент таркашы керек. Мындай билдирүүсүн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтып чыкты. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 20-июнда корутундусун чыгарып, Жогорку Кеңешке алып чыгат. Бул аракет тууралуу КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев менен маек курдук.

-Мукар Шалтакович, депутаттар Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажырата албаса, таркап кетүүгө шерттеништи. Бул кандай көрүнүш?

-Жогорку Кеңеш буга чейин Алмазбек Атамбаевдин, кийин Сооронбай Жээнбековдун “чөнтөк парламенти” болуп келген. Кылмыш-жазык кодекси, жосундар жөнүндө мыйзам кабыл алынып, түкүрүктөргө айып пул каралгандан кийин Алмазбек Атамбаев аларды “чимкирик” деп атап, депутаттарга тийишип алды. Араң турган парламент эми экс-президентке каршы бар күчүн жумшап жатышат.

Анын үстүнө Алмазбек Атамбаев ким менен иштеген болсо да, чоң долбоорлордо коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги аныкталып калды. Эми Жогорку Кеңеш биринчи жолу ойгонгонсуп турат. Бирок Атамбаевдин жактоочулары түзүлгөн депутаттык комиссияны мыйзамсыз деп жатышат. Менин көз карашымда бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда кандай гана маселе болбосун, аны кароого, комиссиясын түзүүгө укуктуу. Алар түзгөн комиссия иштеп, корутундусун бериши керек. Алардын ишин легитимсиз деп айтууга негиз жок.

-КСДП депутаттык комиссиянын түзүлүүсүндө бир катар мыйзам бузууларды санап өттү. Аны четке кага турган болсок, комиссиянын тездик менен жүрүп жаткан ишинде мыйзам бузуулар жок деп айтууга болобу?

-Мыйзам бузууларды байкаган жокпуз. Депутаттардын 10 күнгө жакын убактысы калды. Ошол себептүү чуулгандуу ишти ошого чейин бүтүрүп кеткени талапка ылайык болот.

-Комиссия ишин жыйынтыктаган соң экс-президентти макамдан ажыратууда дагы кандай оор процесстер болушу мүмкүн?

-Менин оюмча, эч кандай оор процесстерди күтүүгө болбойт. Анткени чуулгандуу иштердин көбү тергелип бүтүп, соттору да аяктады. Соттолгондор Атамбаевге көрсөтмө беришти. Демек, бул жерде тергөө эффективдүү иштеши керек.

-Депутаттардын экс-президентти макамынан ажырата алышына канчалык ишенүүгө болот? Ишке ашпай калса, андан кийинки кырдаал кайсы жакка өзгөрөт?

-Менин көз карашымда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамдан ажыратып коюуга парламенттин толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн парламенттин 2/3ү добуш бериши керек. Башкача айтканда, 80 депутаттын колдоосу жетиштүү болот.

-Тергөө ишине келсек. Органдарда мурдагы бийликтин кызматкерлери азыр да иштеп келет деген сөздөр айтылат. Бул фактор иштин калыс жүрүшүнө таасир этпейби?

-Бизде мамлекеттик кызматта иштеген адамдар экиге бөлүнөт. Саясий жана админстративдик кызматтар деп карайбыз. Тергөө жана прокуратурада отургандарды саясий кызматта деп айтууга болбойт. Аларды кайсы бир саясатчыга баш ийди деген туура эмес. Анткени ал кызматкерлер мыйзамга гана карашат. Ошол үчүн биз алардан ушул гана ишти талап кылышыбыз керек.

-Рахмат

Copyright © 2017 Maral FM