Биз менен байланышыңыз

Кытайлык компания Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү курат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2019 | 811 | 0

«Кыргыз-Кытай» бизнес форумунда көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча эки келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кытайлык компания социалдык долбоордун негизинде Бишкекте Спутник шаарчасын курат. Ага келе турган инвестициянын көлөмү болжол менен 300 млн. долларды түзөт.

«Кытайлык компания буга чейин Чүй облусунда өкмөттүн өкүлчүлүгү менен да меморандумга кол коюп, сүйлөшүүлөр болгон экен. Ал социалдык долбоор болуп саналат. Мындан сырткары, кытайлык жеке компания менен борбордо көп кабатуу турак жайларды куруу боюнча келишим түзүлдү. Айта кетчү жагдай, биз долбоорлорду талдап, андан соң гана келишимге кол коюу үчүн форумга  алып чыктык», — дейт Адылбек уулу.

Ал буга кошумча, кытай тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууга кызыкдар экенин белгиледи.

«Биздин географиялык шарттар татаал болгондуктан, темир жол куруу көп каражатты талап кылат. Кыргызстан аркылуу темир жол өтсө, башка өлкөлөргө чыгууга жеңилдиктер болмок», — дейт Адылбек уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM