Биз менен байланышыңыз

Серепчи: Токаев Казакстанга өзгөрүү алып келе албайт

Күн чекит | 10 Июн 2019 | 679 | 0

Казакстанда президенттик шайлоого бийликтеги партиядан ат салышкан Касым-Жомарт Токаев алдын ала жыйынтыктар боюнча 70% дан ашык добуш менен жеңүүчү болгонун аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Учурда, «Бийликке келген Токаев мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин саясатын улантабы?» — деген суроо серепчилердин талкуусунда. Казакстанда эми кандай бурулуш болушу мүмкүн? Бул теманын алкагында эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул менен маек курдук.

Марал: — Сиздин баамыңызда Казакстандагы президенттик шайлоо кандай өттү?

Чынара Эсенгул: — Казакстан кайсы модель менен өнүгүп жатканын билебиз. Ошондуктан, күтүлүп жаткан эле жыйынтык болду, жаңылык болгон жок. Казакстанда Советтер Союзу тарагандан бери ачык шайлоо боло элек болчу. Азыркы шайлоо да мурунку шайлоодой эле «Нур-Отан» партиясынын үстөмдүгү менен өттү. Касым-Жомарт Токаев мырза президент болору анык эле болчу. Шайлоо болордон 2-3 күн мурун Казакстанда болдум. Анда үгүт иштери кандай жүрүп жатканын, башка талапкерлерге берилген мүмкүнчүлүктөр да бирдейби деген жагдайларга байкоо салып, эл менен сүйлөштүм. Ошол кезде эле, азыркыдай жыйынтык чыгары ачык-айкын болчу. Биз көбүнчө Алматы, Жаңы-Өзөн тарапта болдук. Мисалы, көчөдөгү баннерлерден да, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чагылдыруулардан да байкалып турду. Бул жагынан алганда, коңшу мамлекет шайлоо процесстерин демократиялык жол менен өткөрүүдөн бир топ эле алыс.

Марал: — Бирок ошентсе да, шайлоодо оппозиция өкүлүнүн талапкери 16 пайыз добуш алгандыгы кандайдыр бир деңгээлде элдин бийликке болгон каршы маанайын чагылдырабы?

Чынара Эсенгул: — Негизи саясий маданият жагынан алып караганда, кыргыз-казак бир тууган болгондой эле, биздин түпкү аң-сезимибиз, кандайдыр бир эркиндикке болгон умтулуубуз окшош. Бирок албетте, Казакстан 91-жылдан бери экономикалык жактан өнүгүүгө басым жасап келди. Ошол эле учурда, саясий, маданий укуктары жактан көп иш жасалышы керек. Азыркы президенттик шайлоону калктын өз оюн билдирүүсүндөгү, бийликке каршы чыгуусундагы алгачкы сигнал катары кабыл алсак болот.

Марал: — Касым-Жомарт Токаев мурунку президенттин саясатын улантабы, же кандайдыр бир өзгөрүү алып келеби?

Чынара Эсенгул: — Казакстанда олигархтык башкаруу деген бар да. Акча каражаты көбүрөөк, үй-бүлөлүк башкаруу да күч алгандыктан, Токаевдин өз алдынча саясат алып баруусуна ресурсу жок, кааласа да аткара албайт. Ошондуктан, «Нур-Отан» партиясы үстөмдүк кылат. Касым-Жомарт Токаев да өтө жаш эмес, чоң бизнеси бар болуп, же артында турган саясий партиясы да жок. Башкача айтканда, бир канча жылдан кийин чыныгы элита келгичекти, Токаев Назарбаевдин үй-бүлөсүнө ишеничтүү адам бойдон калат. Пландаштырылган линияны карманат.

Copyright © 2017 Maral FM