Казакстан июль айынан баштап, Кыргызстанга бензин экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министринин орун басары Махамбет Досмухамбетовдун билдирүүсүнө таянып, Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды. Ал эми Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев учурда келишимге кол коюла электигин айтты. Анын маалыматында, сүйлөшүүлөр улантылып жатат.
Бул келишимге кол коюу кечиктирилип жатканын буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирген. Күйүүчү май ташып келүү маселеси боюнча Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Абдимуктар Маматов менен маек курдук.
Марал: — Кыргызстандын расмий органдары Казакстандан күйүүчү май ташып келүү боюнча келишимге кол коюла электигин билдиришти. Бул келишимдин кабыл алынышынын кечигип жатканы буга чейин да айтылган. Сиздин оюңуз боюнча, эмнеге мындай болуп жатат? Эгер Казакстандан бензин экспорттолсо, аткезчилик тыйылабы?
Абдимуктар Маматов: — Казакстандан күйүүчү май ташыла баштаса, өлкөдөгү аткезчилик тыйылмак, жок дегенде азаймак. Бул келишимге кол коюлбай жатканын мен так билбейм, бирок буга чейин парламент жыйынында да өкмөткө катуу тапшырмаларды койгонбуз. Анын үстүнө, 12-августтан баштап Евразия экономикалык биримдигинин күйүүчү май боюнча техникалык регламенти күчүнө кирет. Ал убакыттан тарта Кыргызстанга К-3, К-2 деген бензиндин түрлөрү кирбей калат. Бул абдан кымбат өндүрүм болгондуктан, аткезчилик дагы күчөшү мүмкүн. Ошондуктан, Казакстандан бензин ташуу боюнча келишимге эртерээк кол коюлушу керек.
Марал: — Өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылууга «Жунда» заводунун мүмкүнчүлүгү барбы?
Абдимуктар Маматов: — Кыргызстандын өзүндө күйүүчү май менен камсыз кылуу 5 пайызды гана түзөт. Ал дагы «Кыргызмунайгаздын» чыгарган өндүрүмү. Кара-Балта менен Токмоктогу заводдор да импортко көз каранды ишкана болуп эсептелет. Ал эми «Жунда» заводу жакшы иштеп кетсе, күйүүчү май маселеси чечилмек. Бирок күйүүчү майдын К-3, К-4 үлгүлөрүн чыгарууга заводдогу жабдыктардын күчү жетпейт. Орусия бизге чийки мунай берген чакта да, аны кайра иштеп чыгарганда, өз баасынан кымбат болуп калат.
Марал: — Казакстандан башка да кайсы өлкөдөн күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүк бар?
Абдимуктар Маматов: — Казакстандан башка жакынкы мамлекеттерде андай ресурс жок. Мисалы, Өзбекстан өзү күйүүчү майды Казакстандан алат, Тажикстанда деги жок. Түркмөнстанда газы көп, ал эми мунайы ички муктаждыкты камсыз кылганга гана ылайыкталып чыгарылат. Ирандан алып келсе болот, бирок жолдун баасы кымбат болуп жатат. Ошондуктан, Кыргызстанга күйүүчү май бир гана Орусиядан келет. Бүгүнкү күндө Казакстандан алып келүү боюнча келишимге эртерээк кол койгонубуз жакшы.