Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Өкмөт жаш кадрларга муктаж

Күн чекит | 28 мая 2019 | 971 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, Экономика министри кызматына Санжар Мукамбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчилигине Дастан Догоевдин талапкерлиги каралып, жактырылды. Ошондой эле, Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигине Эрмек Ибраимов жана Улуу Британиядагы элчилигине Эдил Байсаловдун талапкерлиги да каралды.

Негизи өкмөттүн кадр тандоо аракети кандай болуп жатат? Бул суроону Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депуат Абдывахап Нурбаев менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

Марал: — Бир катар өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтерине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча сиздин оюңуз кандай?

Абдывахап Нурбаев: — Биздин комитет бул талапкерлерди карап, жактырдык. Себеби, Эрмек Ибраимов буга чейин да дипломатияда иштеп жүргөн. Тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде иштеди. Ошондуктан, тажрыйбалуу кадр. Ал эми Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигине көрсөтүлгөн Эдил Байсалов жөнүндө айтсам, анын азыркы геосаясат боюнча түшүнүгүн, көп жылдан бери саясатка аралашып жүргөн ордун, тил билгендигин эске алып, колдодук.

Марал: — Сиз эл өкүлү катары өкмөттүн кадр тандоо аракетин кандай баалап жатасыз? Себеби, акыркы күндөрү министрлер көп алмашууда…

Абдывахап Нурбаев: — Бул жерде бир жактуу айтуу кыйын. Мисалы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин сунушталганы баарын кубантты. Санжар Муканбетов боюнча да эч кандай нааразы деле пикирлер жок. Себеби, ал да өз ишин билген адис. Ал эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин көрсөтүлүшү талкуу жаратып жатат. Анткени, жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги коомчулукта жакшы пикир жаратты эле, эмнегедир өкмөт аны колдогон жок.

Марал: Сиз Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдодуңуз беле?

Абдывахап Нурбаев: Мен бул кызматка Тилек Токтогазиевдин келишин колдойт болчумун, себеби, азыр бизге башкача ой жүгүрткөн жаштар керек болуп жатат. Мурунку чиновниктерден эмес, жаштардан алыш керек.

Марал: Жаш кадрларды тажрыйбасы жок деп колдобой койгону канчалык туура?

Абдывахап Нурбаев: Туура эмес. Анткени азыркы жаштар жаш болсо да, «не стандартный» ойлонушат, алар — өтө билимдүү балдар. Өкмөткө ушундай кадрлар керек болуп турат.

Copyright © 2017 Maral FM