Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө мигранттардын балдары көзөмөлдө болот

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 506 | 0

Ысык-Көл облусунда жайкы эс алуу мезгилине карата мигранттардын балдарына жумасына 1-2 жолу көзөмөл жүргүзүлөт. Тиешелүү өнөктүккө айыл аймак башчылары, мектеп директорлору, социалдык кызматкерлер тартылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Элнура Чыдынова билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен 10 миӊ 685 окуучу мигранттардын балдары экени аныкталган.

«Ѳкмөттүн тапшырмасына ылайык, облустагы мигранттардын балдарын аныктоо үчүн 2 айлык өнөктүк жарыяланып, көзөмөл иштери жүргүзүлгөн. Учурда мектеп жашына чейинкилер жана мектеп окуучулары жайкы эс алууга чыккандыктан, көзөмөл уланат. Ошол эле мезгилде, чет өлкөгө кете турчулардын балдарын карап туруу милдетин алган жарандардан кепилдик кат алынууда», — деди Чыдынова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM