Биз менен байланышыңыз

«Бир Бол» фракциясы Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин бүгүн карайт

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 765 | 0

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясы жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кызматына талапкерлигин бүгүн карайт. Бул тууралуу фракция мүчөсү Акылбек Жапаров «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, фракция лидери Алтынбек Сулайманов чет өлкөдөгү сапарынан келген. Ошондуктан, бул маселе бүгүн фракция жыйынына коюлат.

Эске сала кетсек, «Жашыл чарба» агрохолдингинин негиздөөчүсү, 28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу айыл чарба министринин кызматына даяр экенин билдирип, өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн.

«Бир Бол» фракциясы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштаарын чет өлкөдө сапарда жүргөн фракция лидери Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM