Биз менен байланышыңыз

«Мандат алуу үчүн 300 миңден 1 млн долларга чейин акча сарптайсың»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 2242 | 0

Эл өкүлдөрүнүн эң чоң күчү — акылында же кылган ишинде эмес, микрофонунда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттин депутаттары бир гана Азиз Батукаевдин маселесинде эмес, башка көйгөйлөрдө да үн катпай коё беришет. Анткени, зарылчылык жок.

«Шайлоо кандай болорун билебиз. Биринчиден, ар дайым сырттан акча келет. Көп жылдан бери мамлекеттин ичинде шайлоо болбой калган. Экинчиден, шайлоочуга акча бербесең, добуш ала албайсың. Добуш нак сатылып алынса, депутат шайлоочулардын алдындагы милдеттеринен кутулат. Башкача айтканда, добушун саткан адам депутаттан эч нерсе талап кыла албайт. Бир мандатты алуу үчүн болжол менен 300 миң доллардан 1 млн. долларга чейин каражат кетет. Биз муну өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Шайлоодо короткон 1 млн. долларды 5 жылда чыгаруу кыйын. Андыктан, депутат акчасын чыгаруу менен алек болот», — дейт Калмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM