Биз менен байланышыңыз

Министрликке «аттанган» Тилек Токтогазиевдин 8 пикири

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 1134 | 0

«Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштаган Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна маек берди.

«Министр болуп калсам, башкарууну толук өзгөртөм»

Токтогазиевдин айтымында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруусун 100 % өзгөртүү керек. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн реформа жасап, жаңы башкаруу системасын киргизүү зарыл. Болбосо, мамлекеттик башкаруу системасы СССРде калыптанган бойдон өзгөрүүсүз келе жатат.

— Аны базар экономикасына түртүү зарыл. Ошондо ишкерлерге, дыйкандарга шарт түзүлмөк. Дыйкандар кедей болсо, баары утулат. Мындайда бара-бара ички өндүрүм жоголуп, азыктарды чет өлкөдөн ташып келүүгө туура келет. Анда тамак-аш коопсуздугун жоготобуз.

«Азык-түлүктөр жогору баада сатылышы керек»

Токтогазиев Айыл чарба министри кызматына келсе, аткара турган узак жана кыска мөөнөттүү пландары бар. Алгач ири көлөмдөгү өндүрүмдөрдү сатуу маселесин чечет.

— Дыйкандар өндүрүмдөрүн жакшы баада сатышына шарт түзүү зарыл. Бул боюнча соода маркеттери менен сүйлөшөбүз. Кыргызстандын өндүрүмдөрүн 12 % кошумча салыктан бошотуу сунушун киргизип жатабыз. Муну менен жергиликтүү өндүрүмгө артыкчылык беребиз. Азыр ортомчулар көп каражат табууда. Негизи дыйкан кирешени көп алышы керек.

Анын баамында, дыйкан чыгымга учурабашы үчүн айыл чарба тармагында жаңы технологияларды колдонуу зарыл. Анын жардамы менен көп аянтты иштетип, өздүк бааны арзандатууга мүмкүнчүлүк болот.

«Министрликке жаңы команда менен келем»

Токтогазиев жаңы команда үчүн мамлекеттик эмес, өзүнчө бюджет карай турганын маалымдады.

— Бардык тармак боюнча адис бир адамды көрсөткүлөчү… Андай жок. Андыктан команда менен келүү керек. Ар кайсы тармактан бизнес бирикмелер менен сүйлөшүп, дыйкандар менен ар дайым пикир алышып келебиз. Мамлекет дыйкандардын талабын жасап бериши керек. Башкача айтканда, Айыл чарба министрлиги дыйкандардын артынан чуркашы зарыл. 

«Министрликте жумушта уктап отуруп, кайра кеткендер бар»

Мындан сырткары, Айыл чарба министрлигинде ишке келип, уктап отуруп кайра кеткен бөлүмдөр да бар экенин айтып, аларга көбүрөөк жумуш берип, же оптималдаштырууга баруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле, өзү менен кызматташып жүргөн өнөктөштөр Кыргызстандын айыл чарба тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди.

— Эски ыкма менен иштесек, өнүгүү болбойт. Америка, Орусиядан мигранттар мага жардам берүүгө даяр. Ошондой эле, бизнесте жүргөндүктөн, чет өлкөдөн көп өнөктөштөрдү тааныйм. Айыл чарба азыктарын алар аркылуу сатууга аракет кылабыз. Буга чейин мамлекеттик кызматта иштебесем да, кыргыз элинин батасын алсам деп жүрөм. Өлкөдө сатылбаган дарыларды чет өлкөдөн алып келип, дыйкандарга жардам берүүдөбүз. Министрликке келсем, бул кызматым эселеп көбөйөт.

«Айыл чарба тармагын санариптештирүү керек»

Айыл чарба тармагындагы адамдык факторлорду азайтуу зарыл. Анткени, санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу менен жумуш азаят.

— Программисттердин жумушу аркылуу көп нерсени жеңилдетебиз. Ар бир иштин майын чыгарсак, глобалдык атаандаштыкты да жеңип кетебиз. Завод-фабрикалар ар бир аймакта болушу керек. Кыргызстанда көп жерде талааларга суу жетпейт. Бул кырдаалда да жаңы технологияларды колдонуп, тамчылатып сугаруу системасын алып келүү зарыл.

Ал мындан сырткары, дыйкандар чыгымга учурап жатканын, жумушсуздук өскөнүн белгиледи.

— Мигранттар көп болуп, 270 миңден ашуун бала ата-энесиз чоңоюп жатат. Дыйкандардын кызыкчылыгын ойлобогондор да бар. Азыркы абал мага «дыйкандарды өлтүрүү керек» дегендей таасир калтырууда.

«Бир да саясатчы менен байланышым жок»

— Саясатка, бир да саясий партияга аралашпадым, буга чейин мамлекеттик органдарда да иштеген эмесмин.

Токтогазиев саясатчылардын эмес, дыйкандардын кызыкчылыгын коргоо максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматына өзүн көрсөтүп жатканын айтты.

«Мен саясатка аралашкан эмес элем. Азыр атайын фейктер тарабынан мага карата каралоо жүрүп жатат. Бир да саясатчы менен байланышым жок. Эгерде Айыл чарба министри болуп калсам, өз бизнесимди таштайм. Мен үчүн негизги баалуулук — акча эмес, элдин батасы. Бул тармакта көп иштегим келбейт. Узак мөөнөттүү стратегиямды 2 жылда ишке ашыруу ниетим бар. 

Ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев отставкага кеткен соң, көз караштарын интернетке жазып, көпчүлүктөн колдоо тапканын белгиледи.

«Айыл чарба министрлигине өкмөт башчынын көрсөтмөсү менен барсам да, кабыл алышпай, коридордо отуруп калгам»

Токтогазиев премьер-министрдин көрсөтмөсү менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине барса да, министрдин орун басары кабыл албай, коридордо күттүрүп койгонун билдирди.

Ал кезде өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп турган.

«Менде стратегия бар»

Токтогазиев мындан сырткары, Ысык-Көлдө бир долбоорду ишке ашырууга келгенде да, Айыл чарба министрлигинин адистери телефонго жооп бербей койгонун айтты.

— Бут тосуулар болорун, чоң мафия бар экенин түшүнүп жатам. Алар тууралуу мамлекеттик мекемелерде иштеген досторум да айтууда. Эң негизгиси менде стратегия бар. Баарын бир-бирден жасайбыз.

Маалыматка ылайык, Токтогазиев акыркы 7 жылдан бери айыл чарба тармагында иштеп келет. Ал аралыкта Айыл чарба министрлигине бир катар сунуштарын берген.

Бирок министрлик тараптан кызматташууга кызыкдарлар болбогону үчүн, өзүнүн программасын көрсөтүп, жоопкерчилик алып, идеяларын ишке ашыруу максатында.

Белгилей кетсек, 28 жаштагы ишкер Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM