Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев: Министрликке жаңы команда менен келем

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 1913 | 0

«Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына жаңы команда менен келерин билдирди.

Токтогазиев жаңы команда үчүн мамлекеттик эмес, өзүнчө бюджет карай турганын маалымдады.

«Бардык тармак боюнча адис бир адамды көрсөткүлөчү… Андай жок. Андыктан команда менен келүү керек. Ар кайсы тармактан бизнес бирикмелер менен сүйлөшүп, дыйкандар менен ар дайым сүйлөшүп жүрөбүз. Мамлекет дыйкандардын талабын жасап бериши керек. Башкача айтканда, Айыл чарба министрлиги дыйкандардын артынан чуркашы зарыл», — дейт Токтогазиев.

Мындан сырткары, Айыл чарба министрлигинде ишке келип, уктап отуруп кайра кеткен бөлүмдөр да бар экенин айтып, аларга көбүрөөк жумуш берип, же оптималдаштырууга баруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле, өзү менен кызматташып жүргөн өнөктөштөр Кыргызстандын айыл чарба тармагына инвестиция салууга кызыктар экенин билдирди.

«Эски ыкма менен иштесек, өнүгүү болбойт. Америка, Орусиядан мигранттар мага жардам берүүгө даяр. Ошондой эле, бизнесте жүргөндүктөн, чет өлкөдөн көп өнөктөштөрдү тааныйм. Айыл чарба азыктарын алар аркылуу сатууга аракет кылабыз. Буга чейин мамлекеттик кызматта иштебесем да, кыргыз элинин батасын алсам деп жүрөм. Өлкөдө сатылбаган дарыларды чет өлкөдөн алып келип, дыйкандарга жардам берүүдөбүз. Министрликке келсем, бул кызматым эселеп көбөйөт», — дейт Токтогазиев.

Белгилей кетсек, 28 жаштагы ишкер Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM