Биз менен байланышыңыз

Жусупбекова: Кыргызстанда балдар үчүн лагерлер көбөйөт

Күн чекит | 24 мая 2019 | 657 | 0

Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова окуучулар жайында барып эс ала турчу лагерлердин даярдыгын кароо боюнча тапшырма берди. Аны менен катар ар бир облустан лагерлерге бара турчулардын тизмесин тактоону да тапшырды. Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары жайкы каникулун каяктан өткөрсө болот? Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кандай иштер жүрүп жатат? Бул теманын тегерегинде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен түз эфирден маек курганбыз.

— Быйыл баш-аягы канча лагерь ачылат?

— Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге атайын эс алуучу 818 лагерь ачтык. Балким алдыңкы күндөрү дагы көбөйүшү мүмкүн. Эртең мененки 8:00дөн баштап, кечки 4кө чейин балдар мектепте түзүлгөн лагерде жүрө алышат. Ал жакта атайын пландар коюлуп, иштер жүрүп жатат. Алсак, балдардын аң-сезимин өстүрүүчү сабактар, көңүл ачуу иш-чаралары. Мектептин ичинде балдарга ылайыкташтырылган китепканалар иштейт. Бул кадамдар коопсуздук жактан да жакшы. Балдарын таштаган ата-энелер коркпойт жана балдары эс алганга да, билим багытында бир топ секириктерди жасаганга да жол ачылат.

— Социалдык абалы начар балдарга мамлекет тарабынан кандай жеңилдетүүлөр каралган?

— Социалдык шарты оор балдар үчүн жылына профсоюзга 5 млн. сом бөлүп берип турабыз. 1000 бала бекер эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Балдар жашаган жерде эс алуу жайлары аз болсо, аларды Ысык-Көлгө, Чүйгө ж.б. жерге алып барып, жайкы каникулун жакшы өткөрүүсүнө шарт түзөбүз. Кыргызстандагы лагери бар аймактар учурда балдарды кабыл алуу үчүн даярдык иштерин көрүп жатышат. Бирок биз оор турмушта жашаган балдардын тизмесин карап, кайрадан текшерип, анан жиберебиз. Себеби, коррупция иштери да бул жерде орун албаш үчүн, алдын ала чара көрүлөт. Негизи, адегенде оор турмушта жашаган, жетимдерге жардам берип, колдоп эс алууга кетиргенден кийин, башкаларына көңүл буруулар башталат.

— Жогоруда сиз айтып жаткан 818 эс алуучу мектеп лагерине бюджеттен канча каражат жумшалды?

— Ар бир баланын тамагына 44 сомдон бөлүнөт. Ал эми балдарды караганга ошол мектептин мугалимдери алып барышат. Аларга кадимкидей айлык төлөнүп берилет. Лагердин алкагында окуучулар тарых музейине, чоң-чоң китепканаларга барышат. Мындан сырткары, атайын иштөө графиктери жазылган, ошонун негизинде гана процесстер жүрүп турат. Балдар буга чейин мектепке окуганы барышса, эми эс алууга, өзүн ар тараптуу өнүктүрүүгө да шарт түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM