Биз менен байланышыңыз

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камалды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 1041 | 0

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна күнөөлөнүп жаткан мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Алынган маалыматтарга караганда, Шамил Атаханов бүгүн, 21-майда Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Андан соң, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иш Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренесине ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки сурак иштери уланууда.

Эске салсак, аталган кылмыш иши боюнча буга чейин белгилүү онколог Эмил Макимбетов жана кан боюнча адис, медицина илимдеринин кандидаты Ирина Цопова жана аты аталбаган дагы үч дарыгер, ошондой эле, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынып, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM