Биз менен байланышыңыз

Шайлоо кодексин өзгөртүүнү депутаттык комитет колдоду

Саясат | 21 мая 2019 | 906 | 0

Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору тармактык комитетте биринчи окууда каралды. Демилгечи депуттардын бири Аида Касымалиева аталган мыйзам долбоору шайлоо процессин таза, так, адилеттүү өткөрүүгө өбөлгө түзүү болуп саналарын белгиледи. 

 Буга чейин сунушталган, «Соттуулукту алып салуу жана жоюудан кийин талапкердин президенттик же парламенттик шайлоого катышуусу жөнүндө» мыйзамы чакыртылып алынды. Мындан сырткары, «Майыптар (азиздер, дүлөйлөр) үчүн атайын үгүт материалдары даярдалып, алар шайлоо участогуна барганда, тиешелүү шарттар болуусу керек», — деген демилге көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева маалымдап, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө кенен токтолду.

— Күрөө маселеси боюнча, президенттикке талапкерлердин күрөөсү 2 миллион сомго, ал эми парламенттик шайлоо үчүн партиялардын күрөөсү 3 миллион сомго түшүрүлдү. Андан тышкары, бизде миллионго жакын мигрант болсо, алардын 18 миңге жакыны эле шайлоо тизмесине кирип, 5 миңдей адам гана добуш берген. Биз баарына катышууга мүмкүнчүлүк болсун деп жатабыз. Мигранттар да баары добуш бериши керек.

«Конкреттүү бекитилген квоталар шайлоочу менен депутаттын карым-катнашын бекемдейт», — деген депутат Мирлан Бакиров шайлоо аймагын 13кө бөлүүнү сунуштаган өзүнчө мыйзам демилгелеп келет.

Бүгүнкү сунушталган долбоордун босого пайыз жөнүндө концепциясы жок болгондуктан, Бакиров демилгечилердин 7 пайыздык босого боюнча көз карашына кызыкты.

— Босого боюнча маселе талкууланды. Партиялар көп келип, жаш партияларга, баарына мүмкүнчүлүктөр кеңейет. Бирок 7 же 5 пайыз болгондо, коалицияны түзүү маселелери жаралып, улам өкмөт алмашып, ыдыроо процесси орун алышы мүмкүн. 9 пайыздык чек эл аралык принциптер менен саясий айдыңды куушурат. Абдан чоң, күчтүү партиялар гана өтөт, майда партияларга шарт түзүлбөйт деген пикир.

Эл өкүлү Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып, депутат Аида Касымалиева негизги өзгөртүүлөрдүн бири мигранттарга шайлоо участкаларын көбөйтүү экендигин айтып, «ардактуу консулдук» деген түшүнүк жөнүндө кошумчалады.

— Принципиалдуу өзгөртүүгө мен айтып өткөн категорияларды киргизүү, майыптарга, мигранттарга шарт түзүү. Шайлоо участкасын көбөйтүү. Кошумча «ардактуу консулдук» деген түшүнүк кирип жатат. «Ал жерде биздин жаран эмес болсо, кантип шайлоону уюштурат?» — деген маселе жаралып калды.

Дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүк болбосо, ардактуу консулдук каттоодон өтөт. Анын шайлоо өткөргөнгө укугу бар. Бул тууралуу маалымдаган Умбетали Кыдыралиев мындай шарттарды түзүү мигранттардын талабы экенин айтат.

— Дайыма шайлоо өткөндөн кийин БШКга, өкмөткө чет өлкөдө жашаган жарандарыбыздан шайлоо укуктары чектелгендиги тууралуу арыз көп түшөт. Жаңы киргизилип жаткан өзгөртүү боюнча биздин дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук жок болсо, ошол жерде «ардактуу консулдук» деген бар. Ал каттоодон өтүп, шайлоо процедураларын уюштурганга толук укугу бар.

Жыйынтыгында, Конституциялык мыйзамдар, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окуудан 12 добуш менен өткөрдү. Жыйынга катышкандардан депутат Исхак Масалиев каршы добуш берди.

Copyright © 2017 Maral FM