Биз менен байланышыңыз

Акеров: Абылгазиевдин туугандары чоң кызматтарды байырлап алган

Күн чекит | 16 мая 2019 | 890 | 0

Өлкөдө «КТ мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин айлыгы тууралуу тараган маалыматтардан кийин эле, ал тарапты иликтөө иштери кызуу башталды. Ал ортодо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу аталган ири компаниянын директорунун орун басары экени да «калкып» чыкты. Бирок өкмөт башчы бажасынын баласы ал компанияда эмгектенерин мурда билчү эместигин айтып, билдирүү таратты. Натыйжада, бүгүн Эрназар Иманкадыр уулу өз арызы менен иштен бошотулду. Ага карабай, эл өкүлдөрү: «Мындай кадамдарынан кийин премьер-министр кызматтан кетсин», — деген талап коюшту. Биз ушул теманын тегерегинде саясат талдоочу Табылды Акеров менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

— Жогоруда айтылган кырдаалдардан кийин премьер-министр кызматтан кетиши керекпи?

— Премьер-министр болбосо да, ата-бала отставкага кетиши керек. Өкмөт башчы бажасынын баласы «КТ мобайл» компаниясын жетектей турганын билчү эмесин айтпадыбы. Бул жөн ган шылтоо. Кантип укпасын? Кадимкидей эле, максаттуу түрдө отурушкан да экөө тең. Бир тууган деген өтө жакын кланга кирет. Премьер-министр өзүнүн кланын бийликке алып келип жаткандай болуп калып атпайбы. Негизи Мухаммедкалый Абылгазиевдин тегерегинде аябагандай көп иштер козголуп жатат. Туугандары чоң-чоң кызматтарды байырлап алган дегендер да бар. Маселен, туугандарынын көпчүлүгү Илимдер Академиясында болгондо да жогорку кызматты аркалайт экен. Кадимкидей эле сүйлөшүү жүргүзүп, «Силер ушул тууганымды көтөрүп берсеңер, мен силерди өкмөттүк орун менен камсыздайм», — дейт имиш. Ошон үчүн премьер-министр бардыгын кылдат карап, кландык башкарууну токтотуп, дос-туугандарын кызматтан алыш керек. Балдарынын өкүл аталары да чоң кызматтарда отурат экен. Мынчалык байырлагандын кереги жок эле да. Ушуларды чечсин, башкаларга орун берсин. Болбосо отставкага кетсин.

— Андай болсо, ал кызматтан жакын аралыкта кетеби? Же күзгө барып такалабы?

— «КТ мобайл» компаниясын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлөдүбү. Алар ишти карап, иликтеп чыккыча, күзгө деле барып калат го?.. Эгерде иш дыкат жана бат каралса, июнь айында деле отставкага кетип калышы мүмкүн.

— Эл өкүлдөрү, саясатчылар премьер-министрди кызматынан кетиши керек деп жатышат. Бул кадамдарга жогорудагы жагдай шылтоо болгон жокпу?

— Бул жерде маселе мындай, Бабановду келтирүү максаты премьер-министрди кетирүү болчу. Уран кенин боюнча маселени көтөрүп, өкмөткө тийишишкен. Бирок план ишке ашпай, Бабанов келбей калган. Атамбаев менен Бабановдун адамдары кайрадан ишке киришип, Абылгазиевдин кадр саясатын тинтип баштаган. Ошондо «КТ мобайл» компаниясы көзгө урунуп, кайырмакка илинип жатпайбы. Булардын аракетинин артында өтө чоң саясат жатат. Алсак, 2020-жылы шайлоо болот да. Ал учурда өкмөт башчынын таасири, орду өтө чоң. Өзүлөрүнүн адамын алып келиш үчүн ушундай иш-аракеттер жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM