Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 508 | 0

Бүгүн, 16-майда президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Алгач Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылындагы «Капар уулу Улан» жеке менчик мал чарбачылыгы менен таанышты. Аны менен катар аймакта бул сыяктуу  асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп жатканын айыл чарба министри, облустук жана райондук жетекчилер маалымат берди.

«Сүт секторун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу» долбоорунун жетекчиси Төрөгул Беков бул долбоор облустагы фермерлердин айыл чарба деңгээлин көтөрүү, социалдык экономиканы жакшыртууга багытталарын билдирди.

«Дүйнөлүк банк аркылуу ишке ашып жаткан долбоордо 5 миллион доллар каралган. Анын эсебинен чакан фермерлер 2018-2020-жылдар алкагында саан уй алууга 1 миң долларга пайызсыз, күрөөсүз насыя алат. Андан сырткары сүттү кайра иштетүүгө жабдуулар, асыл тукум малдардын уругу алынат»,-деди ал.

Ал эми өлкө башчы кийинки сапарын Түп районунда улантып, спорттук комплекстин курулушу менен таанышып, калк менен жолугат.

Copyright © 2017 Maral FM