Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: «КТ Мобайлдын» жетекчисинин орун басары кызматтан кетиши керек

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 655 | 0

«Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев Премьер-министрдин бажасы экендиги ырасталды. Мындай маалыматты премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Бирок, анын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда Өкмөт башчы Эрназарды кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт. Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишмердик жана туугандык мамилелер эч сыйышпайт деген принципти карманат. Бул анын досторуна жана туугандарына жакшы белгилүү», — деп айтылат маалымат катчы тараткан билдирүүдө.

Кадрдык чечимдер, компаниянын каражаттарын пайдалануу жана анын кызматкерлеринин эмгек акы өлчөмүн белгилөө маселелери компаниянын өзү жана анын ээси «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому тарабынан калыпка салынат.

Анткен менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын башкарууну уюштуруу түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды.

Ошол эле учурда, Премьер-министр компаниянын алдында турган телекоммуникация рыногундагы мамлекеттин жана керектөөчүнүн кызыкчылыгындагы милдеттерди таасирдүү ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Бул иш Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча ачык жана айкын аткарылууга тийиш.

Өкмөт башчы мамлекеттик үлүшү бар компанияларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди коёт. Бүгүнкү күнү 20дан ашуун мамлекеттик компанияда ишмердүүлүктүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) киргизилген, алгачкы ирет мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө, натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканалардын саны кыскартылууда.

Кошумчалай кетсек, улуттук байланыш оператору «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун туунду компаниясы «КТ Мобайл» ЖЧКсы 2003-жылы түзүлүп, ошондо эле уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн лицензия жана жыштык алган. 2018-жылы ачык аукцион өткөрүү жолу менен учурда иштеп жаткан уюлдук компаниялардын бири менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруу аркылуу компанияны ишке киргизүү чечими кабыл алынган. Бул чечим Премьер-министр тарабынан жактырылган, буга байланыштуу бардык зарыл иштер, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар мыйзам талабына ылайык жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM