Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Европадан туристтер көп келери күтүлүүдө

Күн чекит | 8 мая 2019 | 685 | 0

Ысык-Көл облусунда жай мезгилине карата туристтик жарманке 18-майда өтөрү болжолдонууда. Бул жылы «ITF-Ысык-Көл» эл аралык туристтик жарманкесине жергиликтүү ишкерлерден сырткары 5 6 мамлекеттин өкүлдөрү да катышары күтүлүп жатат. Биз бул теманын тегерегинде «Күн чекит» программасында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен маек курганбыз.

— Ысык -Көлгө туристик сезон качан ачылат? Даярдык кандай болуп жатат?

— Учурда жергиликтүү эл жана Көлдө жайгашкан пансионаттар даярдык көрүп башташты. Негизи май айынын биринчи жана экинчи жумалыгында атайын туристтик жарманке уюштурчубуз. Быйыл 18-майга деп белгиледик. Алгач сүйлөшүүлөр жүрүп, андан соң жарманкени өткөрүп, сезонду ачабыз.

— Туристтердин келишин көбөйтүү үчүн башка өлкөлөрдөгү тур компаниялар менен келишимдер түзүлүп жатабы?

— Жыл сайын биздин тур операторлор башка аянттагы жарманке турларга катышат. Америкада жана Орусияда өткөн бардык жарманкелерге катышып келишти. Ал эми Борбордук Азиядан Ташкент менен Алматыга да барып катышып, маалымат алып келишти. Мындан сырткары, Араб өлкөсүнө дагы баш багып, Дубайдагы эң чоң жарманкеге катыштык. Бүгүнкү күндө көп эле келишим түзүлдү деп ойлом.

— Көлдөгү эс алуу жайлардын даярдыгы текшерилип бүттүбү?

— Өкмөт тарабынан атайын ведомстволор аралык программа иштелип чыккан. Бул программанын алкагында текшерүүлөр жүрүп жатат. Ал эми тазалык жана коопсуздук жагы ар бир министрге кандай тапшырма берилсе, аны аткаруу өзүнүн нугу менен кетүүдө.

— Сервистик тейлөөнүн сапаты кандай?

— Быйыл кышында жана күзүндө кызыкдар болгон отелдерге окутууларды жүргүздүк. Менимче, быйыл башка жылдарга салыштырмалуу сервистик тейлөө жогорку деңгээлде болот.

— Эс алууга келиш үчүн учак, поезд, унаа каттамдары боюнча кошумча шарттар каралып жатабы?

— Тамчы аэропортун кайрадан иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан бир-эки жыл мурун, Новосибирск, Екатеринбург жана Алматы шаарларынан түз учактарды алып келгенбиз. Ал эми жай мезгилинде «Ташкент-Балыкчы» темир жол каттамын ачабыз. Быйыл аталган багыт боюнча поезд каттайт. Учак маселеси 18-майда белгилүү болот.

— Быйыл келе турчу туристтердин саны боюнча алдын ала божомол барбы? Себеби, 2017- жылга салыштырмалуу 2018-жылы туристтердин саны көп болгон экен да…

-Жылдан-жылга 10-15 %дык өсүш болуп жатат. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш болуп калды. Быйыл деле туристтердин келишинин көрсөткүчү өссө керек, себеби төмөндөй турганга негиз жок. Үгүт иштери жүргүзүлдү жана эс алуу жайларыбыз да даяр. Коопсуздук жана стабилдүүлүк маселеси да бир калыпка салынды. КМШ өлкөлөрүнөн жана Европадан туристтер көп келет го?.. Ал тарапка күчтүү жана кызыктуу маалыматтар тарап жатты.

Copyright © 2017 Maral FM