Биз менен байланышыңыз

Даутов: Патрулдук милиция «Коопсуз шаарга» жардам болот

Күн чекит | 6 мая 2019 | 667 | 0

Кыргызстанда элге МАИ деп таанылган кызматты реформалоо зарыл экендигин, активисттер 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтып чыгышкан. Өлкө башчы бул сунушту колдоп, атайын жумушчу топ түзүлүп, иштер башталган. Бүгүнкү күндө бул багытта кандай иштер жүрүп жатат? Бул теманын тегерегинде «Күн чекит» программасында Ички иштер министринин коомдук кеңешинин төрагасы Ялхунбек Даутов менен маек курдук.

— Патрулдук милициянын өзгөртүүнүн кандай негизи бар? Мурун түзүлүп, кайра токтоп калды эле, бул эмнеге байланыштуу?

— Баарыбызга маалым болгондой, 2016-жылы патрулдук милиция кызматы түзүлгөн. Бирок каражаттын жетишсиздигинен 2-3 ай эле иштеп, натыйжа бере алган эмес. Былтыр президент атайын топ түзүп, Чүйдө жана Бишкекте пилоттук негизде иш жүргүзүүчү патрулдук милиция кызматын ишке киргизүү боюнча тапшырма берди. Тапшырмага ылайык, патрулдук милиция социалдык багытта элге жардам берип, калктын коопсуздугун камсыздоого өтөт.

— Эгерде өлкөгө патрулдук милиция кирип калса, кандай натыйжа берет?

— Бүгүнкү күнгө чейин аталган кызматтын атын, формасын 3-4 жолу өзгөрттүк. Бирок жакшы натыйжа бере алган жок. Биз ишенебиз, жаңы патрулдук милиция Бишкекте пилоттук негизде ишин баштаса, шаардын тынчтыгын сактоого болгон аракетин жумшайт. «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, канчалаган камералар көзөмөлдөп жатат. А патрулдук милициянын милдети унааларды тосуу эмес, адамдардын коопсуздугун көзөмөлдөө.

— Бул багытка кызматкерлер кандай негизде тандалат? Принциптерин атап берсеңиз…

— Атайын тандоодон өтүшөт. Мисалы, юридикалык билимге ээ чыныгы кесипкөй болушу керек, ишин так билиши зарыл. Мындай кызматкерлерди ишке ала алсак, сөзсүз түрдө натыйжа болот деп ойлойм. Айлык маяна да жакшы каралган, 20-25 миң сомдун тегерегинде чыгат. Булардын негизги милдети шаардын коопсуздугун, тынчтыгын сактоо болуп саналат.

— Аталган кызматка атайын керектелүүчү унаа жана башка каражаттар кандай болот?

— Айталы, «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу эки айдын ичинде 40 млн. сомго жакын айып пул түштү. Бул каражаттар «Вега» компаниясына жана мамлекеттин казынасында сакталууда. Ушул акчаларды туура жана тең бөлүштүрүп, жаңы кирип жаткан кызматка колдоо көрсөтсө жаман болбойт. Сиз айтып жаткан унааларды, кызматкерлерге формаларды жана камераларды алып берсек, келечекте натыйжа болот. Жөн эле атын өзгөртүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Президент койгон талапты так аткарып, жеңишке жетишибиз керек.

— Аталаган кызмат качан иштеп баштайт?

— Негизи план боюнча жарым жылдын ичинде сынактарды өткөрүп, 9-10 айдын ичинде акырындап ишке киришүү кажет. Бир жыл же бир жарым жылдын ичинде алар сөзсүз түрдө пилоттук режимде иш алып барып калышат. Коомчулуктун коопсуздук боюнча ойлорун угуп, жыйынтык чыгарып турабыз. Эл менен тыгыз байланышта болуп, алардын берген сунушун да байкап көрөбүз. Ошондо 2020-жылдын сентябрь-октябрь айларында алгачкы ийгиликтүү кадамдарга жетишип калабыз.

Copyright © 2017 Maral FM