Биз менен байланышыңыз

«Түндүк электр» 6 миң абоненттин электр энергиясын өчүрөт

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 522 | 0

«Түндүк электр» ачык акционердик коому 7-майда Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 миң 800 абоненттин электр энергиясын өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алардын карыздарынын суммасы 12,8 млн. сомду түзгөн.

«Түндүк электр»  абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылтпаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Төлөмдөрдү  «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» төлөм терминалдарынан, ошондой эле, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарынан, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынан, «Дос Кредо Банк», «Айыл Банк», «БТА Банк» кассаларынан жүргүзүүгө болот.

«Акылдуу» эсептегичтер менен камсыз болгон электр энергия керектөөчүлөрү төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөнү үчүн аралыктан өчүрүлөт. Абоненттер карызды толук төлөп, «Түндүк электр» серверине төлөм тууралуу сигнал келгенде, автоматтык түрдө электр энергиясы берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM