Биз менен байланышыңыз

Новопавловка мектеби: Депутаттарды кызыктырган директордук орун

Билим-маданият | 2 мая 2019 | 1136 | 0

Чыңгыз Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексиндеги ата-энелердин нааразычылыгына мугалимдер жооп жыйын өткөрүштү. Алар буга чейин ата-энелер уюштурган нааразычылык акцияларынын негизинде ММКларда чагылдырылып жаткан маалыматтардын артында үчүнчү кызыкдар тараптар болушу мүмкүн деп күмөн санашат.

Бир айдан бери Новопавловка мектебиндеги ата-энелерден акча чогултуунун айланасында ызы-чуу токтобой келет. «Мектеп директору чогулткан акчалар боюнча маалымат бербей, фондго акча бере албаган балдарды кемсинтип жатышат», — деп ата-энелер Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан. Ата-энелердин бири Чынаранын айтымында, учурда ошол митингге чыккан ата-энелердин балдарына карата мугалимдердин мамилеси өзгөргөн.

— Бир класста 40 окуучу болсо, арасынан акча бербеген баланы тургузуп алып жемелеп, кемсинтет экен. Балдардын күндөлүгүнө баа койгондун ордуна, ушул айга акча алып келген жок деп жазып беришет. Бул таптакыр туура эмес. Азыр эми айрым ата-энелердин айтымында, митингге чыккан ата-энелердин балдарына да мамиле өзгөрүптүр. Алар билет да, кимдин ата-энеси нааразы болуп жатканын.

Ата-энелердин нааразычылыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги  текшерүү иштери аяктаганга чейин мектеп директору кызматынан убактылуу четтетилгенин маалымдаган. Бирок, мектептин мугалимдер жамааты: «Ушундай кадамдар менен директор кызматынан бошотулат», — деп чочулап жатканын айтып чыгышты. Эгерде директор кызматынан бошотулса, мугалимдердин 99 %ы арыз жазып, иш ордун таштап кетишерин маалымат жыйында билдиришти. 26 жылдан бери аталган мектепте иштеп келе жаткан Жаркын Оморова: «Бул иште үчүнчү жактардын кызыкчылыгы бар», — деди.

— Алар бизде окуган балдардын ата-энелери болсо, таанымакпыз да. Чуу чыгарып жаткан ата-энелердин балдарды бизде окубайт. Улам кайталанган ушундай жаңжалдын айынан балдардын психологиясы да өзгөрдү. Мугалимдерге болгон мамилеси таптакыр башкача. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Биздин оюбузча, бул нааразычылыктын артында башка кызыкдар тараптар турат. Аларды мен билем. Бирок аттарын айта албайм. Болгону айылдык Кеңештин, Жогорку Кеңештин депутаттарынан бирөөлөр экенин гана маалымдайм. Аттарын айтуудан эртеңки күнүм үчүн корком.

Мугалимдердин айтымында, митингге чыгып жаткандардын көпчүлүгү фондго акча төлөшпөйт. Жеңилдиктин натыйжасында кошумча акча төлөөдөн бошотулган. Маалыматка ылайык, мектепте мындай жеңилдик алган 1300 окуучу бар. Камкорчу Кеңештин төрайымы Нуржамал Алиева: «Балдардан алынып жаткан 500 сом кайда коротулуп жатканы мектепке киргенде эле билинет», — дейт. «Ал эми нааразычылык билдирип жаткан ата-энелер чогулушка келбей калган үчүн квартал сайын берилген отчеттон кабары жок», — деди.

— Тазалык жумушчусуна мамлекеттен 3500 сом бөлүнөт. Бирок, андай чоң мектепти ал акчага эч ким тазалабайт. Ошондуктан, биз берген фонддун акчасынан аларга да кошумча акы төлөнөт. Андан тышкары, күзөт кызматы деген бар. Мектепке кирген киши дароо эле акчалар кайда кетип жатканын сезет.

Деген менен ата-энелердин ыктыяры менен түзүлгөн фонддун айынан чыгып жаткан нааразычылык аталган мектепте эле эмес. Социалдык тармактарда ушул сыяктуу фонддорду көзөмөлгө алуу, аларды таптакыр жоюу боюнча пикирлер байма-бай айтылып эле келет. Мурдагы Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев бул түшүнүктү атайын жарлык менен жок кылуунун мезгили жетти деп буларга токтолду.

— Өзү ата-энелер фонду деген болбогон сөз. Ата-энелер өздөрү чогултканы менен, аны мектеп жетекчилиги көзөмөлгө алат . Анын үстүнө, акча айланган жерде дайыма чыр токтобойт. Биз 20 жылдан бери ушул нерседен арыла албай койдук. Мектепке керектүү сумманы ансыз да мамлекет бөлөт. Ал камкорчу кеңештер акчаны эмес, керек болгон муктаждыктарын алып берсе болот. Маселен, чет өлкөлөрдө ата-энелер акчасын эмес, такта керек болсо тактасын, окуу куралы керек болсо, анысын алып берет. Бизде акча чогултмай бар болгондон улам, директорлор 20 жылдап эч жакка кетпей отурушат.

Эске салсак, 4500дөн ашык окуучусу бар Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинин ата-энелери акча чогултууга каршы пикирлерин айтып чыгышкан. Алар мектеп директору балдардан чогултулган акчанын отчетун бербейт деген нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми мектеп директору бул нааразычылыктар атайын уюштурулган деп сыпаттап келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM