Биз менен байланышыңыз

Перунун экс-президенти атынып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 642 | 0

Бүгүн, 17-апрелде Перу мамлекетинин 69 жаштагы экс-президенти Алан Гарсия баш калаа Лимадагы үйүндө өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Telesur каналы маалымдаган.

Алынган маалыматтар боюнча, ал Бразилиянын «Odebrecht» курулуш компаниясынан 100 миң доллар пара алган деп айыпталып, 10 күндүк сурак камагына өкүм кылынган. Полиция кызматкерлери кармап кетүүгө келген учурда, өзүн башка аткан. Врачтардын көрсөткөн жардамы натыйжа бербей, ооруканада көз жумган.

Эске салсак, Алан Гарсия Перу мамлекетине 2 жолу: 1985-1990-жылдары жана 2006-2011-жылдары президент болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM