Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Германия Кыргызстанга өзгөчө мамиле жасап жатат

Күн чекит | 17 Апр 2019 | 661 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Берлин шаарында, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Мамлекет башчы акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги байланыштар активдешкени байкалганын, ошондой эле кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыгы маанилүү экенин белгиледи. Биз бул теманы улай, эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов менен түз эфирде маектештик.

— Германия менен Кыргызстандын ортосундагы жолугушуу кандай жыйынтыкталды?

— Аталган жолугушуу биз күткөндөн да жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Президент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө мамлекеттик иш сапары болду десек болот. Эмне үчүн? Себеби, эки өлкөнүн ортосунда 1 млрд. евролук келишимдерге кол коюлду. Эгерде саресеп салып карап көрсөк, 28 жылдын ичинде Кыргызстанда мындай чоң суммадагы акчага чоң өлкө менен келишим түзүлгөн эмес. Бул — Германия Кыргызстанга өзгөчө кадам таштап жатат дегенден кабар берет.  

— Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эмне үчүн Кыргызстанга кызыгууда?

— Эки жыл мурун Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга келгенде, өзгөчө улуттук өлкө экенибизди айтып кеткен. Себеби, демократиянын аралы экенибизди, бардыгы эркин экенин баамдаган да. Мындан улам, акырындап бизнестик кызматташууга кадам таштап жатышат. Өзүңүздөр көргөндөй биздин өлкө башчы Германиянын президенти, кацлери жана парламенттин төрагасы менен жолугушту. Буга улай, кыргыз-немис бизнес форуму өттү. Мындай иштерден улам, Германия бизге өзгөчө мамиле жасап жатат десек болот.

— Германия менен Кыргызстандын ортосунда 1 млрд. евролук келишимдерге кол коюлду. Ишке ашыра албызбы?

— Албетте, ишке ашырабыз. Жогоруда айткандай 28 жылдын ичинде бизге кредиттик системада гана акча келип турган. Аны кайра ким төлөп берет? Албетте, эл жана мамлекет. Ошон үчүн бизге түз инвестиция керек. Алардын ири долбоорлору келип ишин баштаса, ага өзүлөрү гана жооп берет. Кыргызстандын тиешеси жок болуп калат. Меморандумдар бизнес жаатында коюлуп жатат. Ал жактын ишкерлери биздин мамлекеттин ишкерлери менен бирге иш алып барып, биргеликте пайда тапса, жакшы эле болот.

— Германиянын канцлери Ангела Меркелди өлкө башчы Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Канцлер визитти кабыл алышы мүкүнбү?

-Мамлекеттик иш сапары менен Ангела Меркель Кыргызстанга келе элек. Демек келиши толук түрдө мүмкүн. Эгер ал келип калса, биз үчүн жакшы эшиктер ачылат. Алсак, геосаясий салмагыбызды көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт жана эки өлкөнүн мамилесин жогорку деңгээлге көтөрөбүз

Copyright © 2017 Maral FM