Биз менен байланышыңыз

Коррупциялашкан мекемелер: Системалуу күрөш жок

Күн чекит | 16 Апр 2019 | 724 | 0

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өлкөдөгү эң коррупциялашкан мекемелерди атады. Башкы көзөмөл органынын анализинин жыйынтыгында Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги, Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Билим берүү жана илим министрлиги, Салык кызматы жана Коргоо комитети коррупциялашкан мекеме деп табылган. Юстиция, экономика жана финансы министрликтеринде мыйзам бузуулар салыштырмалуу азыраак катталган. Мындай көрсөткүч келген арыздардын негизинде аныкталган. Бул теманын айланасында саясат талдоочу Жамгырбек Бөкөшов менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

-Жогоруда биз атап өткөн мекемелер коррупциялашып кеткени буга чейин деле айтылып эле келген. Эмне себептен мындай жагдай тыйылбайт, бул мекемелерде коррупция менен күрөшүүчү ички түзүмдөрү барбы?

Бизде коррупциянын деңгээли, анын жайылышы боюнча белгилүү бир индикаторлор, чен-өлчөмдөр бар. Ошонун негизинде жогорудагыдай көрсөткүч айтылып жатышы мүмкүн. Ошол эле учурда күндөлүк турмушта деле коррупциялык жагдайларды көрүп жатабыз. Мисалы, жогорку окуу жайларда мугалимдер менен студенттердин ортосунда коррупция жайылганы баарына маалым. Же болбосо жогоруда айтылган тармактарда деле коррупциялык көрүнүштөрдүн кайталана бериши практикага айланып калган. Менимче, тийиштүү органдар тарабынан чара көрүлүп жатат. Бирок мекемелердеги иш жүргүзүүнү түп-тамырынан бери оңдобосо, коррупция кайталана берет. Ошондуктан системаны оңдошубуз керек.

-Бүгүн Каттоо кызматынын айрым жетекчи кызматтарындагы адамдар кармалды. Каттоо кызматындагы коррупциялык фактылар схемалуу түрдө болуп келет. Ага чейин Транспорт министринин орун басары ири суммадагы пара менен кармалган. Бул мекемелердеги коррупция менен күрөшүү механизмдерин өзгөртүп, же түзүмдөрдү кайра түзүү керекпи? Сиздин оюңуз кандай?

-Коррупция менен күрөшүү процесстерин, анын негизинде ачылган фактыларды каттап, ачык түрдө тиешелүү жактарга бериле тургандай система түзүү керек. Университеттерде студенттин сабакка келген-келбегени, сынакты кандай тапшырганы ачыктала турган документ сыяктуу болсо, кийин муктаждык болгондо текшере тургандай болуусу зарыл.

Же болбосо ошол эле Каттоо кызматында да коррупциялык иштерге жол берилгендиги, ким ушундай ишке баргандыгы документтештирилсе, кийин чын-жалганын ажыратууга жардам берет. Эгер бир системага катталбаса, мындай иштер болгондугу тууралуу из калбашы мүмкүн.

-Өкмөттүн курамы жаңы түзүлүп жатканда ушул фактылар эске алынып, жетекчилерди тандоого көңүл бурулушу керекпи?

-Албетте, жетекчилерди жакшы тандаш керек. Көп нерсе алардын принциптерине, позициясына көз каранды болот. Бирок баары бир бул маселени жеке адам, жеке аткаминерлердин деңгээлинде карап, чече албайбыз. Иштин өзүнүн жүрүшү, механизмдери, аткарылыш тартиби, эрежелери ачыкталмайынча коррупциялык иштерден кутулуу кыйын.

Copyright © 2017 Maral FM