Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касмалиева коомчулуктун сунуштарын аткаруу үчүн электрондук петицияны мыйзамдаштырууну сунуштап жатат. Анда жарандар көйгөй көтөрүп, 5000 кол топтосо, сунуштаган маселеси комитетте каралат. Биз дал ушул петицияны сунуштап жаткан Аида Касымалиева менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.
— Демилгенин максаты эмнеде?
— Башында эле ушул сыяктуу маселелер оюбузда бар болчу. Себеби, Жогорку Кеңешке элдин үнү бат жана туура жетиши керек. Бирок азыр деле элдин маселесин кат түрүндө кабыл алып чечүү бар. Эми биз электрондук кол чогултуу аркылуу бат жана кыска убакытта чечиле тургандай кылсакпы дейбиз.
— Ушул кезге чейин карапайым калктын үнү жогору жакка жетпей келген деп тыянак чыгарсак болобу?
— Ар дайым эле элден: «Кат таштасак жооп бербей жатат, каралбай жатат», — деген сөздөрдү угуп келгенбиз.Мындан ары, алар жашап жаткан жердеги көйгөйлөр же коомдо орун алып жаткан чаржайыт кадамдар туурасында электрондук петиция ташталса, сөзсүз чечкенге аракет кылабыз. Дагы бир нерсени кошумчалай кетсем, акимдерди же жергиликтүү депутаттарды жумуштан алып салуу сунуштарын да эл жиберип калышы мүмкүн. Бул багытты да карап жатабыз.
— Колду мыйзамга ылайык топтойт дегенге канчалык кепилдик бар?
— Мыйзамдар сунушталып жатканда, төрт тарабын тең карап чыгабыз. Албетте, бул кадамды да эске алганбыз. Азыр ойлонуп, талдап жатабыз. Макулдугун берип жаткан адамдар паспорт көчүрмөсү менен кошо береби? Же сүрөттөрүн жөнөтүшөбү? Жолдорун карап чечебиз.
— Аталган мыйзам дүйнөлүк тажрыйбада барбы? Алар кандай иш алып барат?
-Мындай мыйзамдар көп өлкөдө бар. Иштеген өлкөлөрдө жакшы эле жыйынтык берип жатат. Алсак, Украинада электрондук петициянын ролу аябагандай эле жогору. Менимче, биздин мамлекет саясатка жакын го, андыктан кабыл алынып калса, жакшы эле иштейт болуш керек.