Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк олимпиадага тандоо: билимдүүлөр бааланбайт

Билим-маданият | 15 Апр 2019 | 834 | 0

Математика сабагынан өтө турган дүйнөлүк олимпиадага тандоо туру акыйкатсыз жана дүйнөлүк стандартка туура келбеген негизде өттү. Бул тууралуу олимпиадага катышуучулардын ата-энелери «Марал» радиосуна билдиришти. Мындай жагдай эки жылдан бери кайталанып келе жатканын, аталган жагдай боюнча министрликке да кайрылышканын айтышты. Жагдайды атайын иликтөөгө алып, сурамжылап көрдүк. 

Тургунбай Алдакуловдун уулдары эки жылдан бери математика сабагынан олимпиадага катышып келет. Бул жылы да уулдары республикалык олимпиадада жеңишке жетип, дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алуу үчүн тандоо туруна ат салышты. Бирок, ал өткөн сынакка нааразы. Анткени, сынак дүйнөлүк стандарттын талаптарын эске албастан түзүлүп калган.

— Сынак эл аралык деңгээлдеги адистердин катышуусусуз өттү. Суроолор да чабал түзүлгөн. Тандоо турунан өткөн да, өтпөй калган да окуучулар нааразы. Мисалы, менин уулум тандоо турунан өткөн. Эгер кайрадан эл аралык стандартка жараша сынак өткөрүлө турган болсо, өтпөй калсак да ыраазыбыз. Анткени, күчтүү, татыктуу балдар барып, Кыргызстандын намысын коргосо дейбиз. Бул жактан эптеп өткөргөнү менен, дүйнөлүк олимпиадага барганда уят болобуз. Балдар да ошентип айтып жатышат.

Мындай доо арыз менен жалпысынан 6 ата-эне министрдин атына арыз жазып кайрылышкан. Анда алар тандоо турун кайрадан өткөрүүнү, сынакты дүйнөлүк олимпиаданын стандарттарына ылайык түзүүнү өтүнүшкөн. Буга байланыштуу биз Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова ата-энелердин арызы боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөнүн айтып, жуманын аягына чейин жыйынтыгы чыгарын билдирди.

— Тандоо бүткөндөн кийин эч ким кайра сынакка кирүүгө арыз жазган эмес. Бирок ошентсе да, ата-энелерден арыз түшкөн үчүн атайын жумушчу топ түздүк. Аларга анализ жүргүзүү тапшырмасы берилген. Жакынкы күндөрдө жыйынтыгы чыгып калат.

Ошондой эле, арызда айтылгандай берилген суроолор кайрадан серепчилердин талдоосунан өткөн. Жыйынтыгында, бир суроо талаш-тартыш жаратканын министрдин орун басары мойнуна алды.

Негизинен суроолор стандартка ылайык эле түзүлгөн. Бирок арасынан бир суроо күмөн жаратканын суроону түзгөндөр да билдиришти. Ал суроону берсе да, бербесе да болот.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк олимпиадаларга тандоо туру эки күн өтүп, математиканын бардык түрүнөн суроолор берилиши керек. «Бирок бүгүнкү күндө министрликтин өзүндө чырмалышкан тааныш-билиш оорусу бар», — дейт физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев. Аны жок кылуу үчүн системаны түп-тамырынан өзгөртүү керектигин белгиледи.

— Олимпиаданы өткөрүү боюнча өзү жобо бар. Бирок менин билишимче, өлкөдө, коомдо жалпы болуп жаткан терс көрүнүш ушул билим берүү тармагында да чырмалышып, тамыр алды. Өлкө намысын коргой турган жерге татыктууларды жибербей, тааныш-билишти жөнөтүп ийишүүдө. Оңдоо үчүн системаны түп-тамырынан өзгөртүү керек. Чыныгы билимдүүлөр бааланбай калып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM