Биз менен байланышыңыз

Казакстан: 23-апрелде «Нур Отан» партиясынан талапкер тандалат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 704 | 0

Казак Республикасынын Элбашы Нурсултан Назарбаев 23-апрелде «Нур Отан» партиясынын XIX съездин өткөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын расмий сайты кабарлады.

Съезддин башкы күн тартибине Казак Республикасынын президенттигине талапкер тандоо коюлган.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ Казак Республикасынын президентин шайлоо ушул жылдын 9-июнуна белгиленгенин мамлекеттик каналдардан жар салган.

Мындан тышкары, съездде партиянын 2030-жылга чейинки иш алып баруу пландары да каралат.

 

Copyright © 2017 Maral FM