Биз менен байланышыңыз

Аалымдар Кеңеши тармактык маркетингди арам деп тааныды

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 4018 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши  VI чакырылыштагы VII протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде тармактык маркетинг боюнча фатва чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы маалымат таратты.

Маалыматка караганда, бир катар талкуулардан өткөн соң, тармактык маркетингдин шариятта көрсөтүлгөн соода-сатык, ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү эреже-ченемдерге туура келбеси аныкталган. Ошондой эле, тармактык маркетингдин сүткорлук, алдамчылык, бирөөнүн мүлкүн эч негизсиз менчиктеп алуу сыяктуу шарият тыюу салган 9 учуру саналып өтүп, Аалымдар Кеңеши аталган соода ишмердүүлүгүн арам деп тааныган чечим чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM