Биз менен байланышыңыз

Казакстан чек ара боюнча Кыргызстандын айыптоосун четке какты

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 704 | 0

Казакстан Евразиялык экономикалык союздун (ЕАЭБ) мыйзамдарын бузган жок, жөн гана товарлар менен документтердин шайкештиги текшерилип жатат. Бул тууралуу Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов билдиргенин «informburo.kz.» агенттиги кабарлады.

«Мыйзам бузулду дегенге макул эмесмин. Бизде кимдир бирөө өзүнүн функциясын толук аткарбай жатканы тынчсыздандырат. Биз тыюу салууларды жана чектөөлөрдү койгон жокпуз. Жөн гана ташылып бараткан жүктөр документтер менен дал келер-келбесин текшерип жатабыз», – деди Куат Рахимов.

Ошондой эле Рахимов салыктарды төлөөдө маселелер бар экенин айтты. Мисал катары эгерде өндүрүмдөр Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатса, салык Казакстанда төлөнүшү керектигин, ошондой эле кээ бир товарлар Кыргызстандан транзит аркылуу Орусияга өтөт делгени менен, чындыгында Казакстандын базарына тарап жатканын билдирди.

Мындан сырткары, Кыргызстандан импорттолуп жаткан товарлардын түзүмү анын наркынын төмөндөшү менен өзгөрүп жатканын тынчсыздануу менен билдирди.

«27- марттан 4-апрелге чейин кыргыз-казак чек арасынан 1080 жүк ташуучу унаа  өткөн. Ошол эле учурда 114 унаа чек ара көзөмөлүнөн баш тартып, кайра артка кетишкен. Мындан алардын товарлары документтерине дал келбей турганын билүүгө болот. Ошол эле учурда документтери толук Кыргызстандын товарлары 15-20 мүнөттүн ичинде өткөрүлүп жатат», – деди  Куат Рахимов.

Ошондой эле, Куат Рахимов  жакынкы убакта кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташа турганын айтып, Кыргызстан тарапта 150 жүк ташуучу унаа турганын айтты.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Такташылган макулдашуулар жакынкы күндөрдө жүзөгө ашырылмакчы.

Эске салсак, Кыргызстандын Экономика министрлиги 3- апрелде чек арадагы кошумча текшерүүлөр ЕАЭБтин мыйзамдарын бузуп жатканын  билдирген болчу. Ошол убакта «Актилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда 300гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте туруп калган.

 

Copyright © 2017 Maral FM