Биз менен байланышыңыз

Украина: Зеленский алдыда келе жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 785 | 0

Украинада шайлоо участкалары жабылып, президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары маалым болду. РИА Новости маалымат агенттиги жазгандай, президенттик шайлоонун экинчи туруна шоумен Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петр Порошенко чыкты. Зеленскийге шайлоочулардын 30,7 %ы добуш берсе, Порошенко 18,6 % добушка ээ болгон.

Ал эми “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко 14,2 пайыздай добуш ала алды.

Украинанын мыйзамы боюнча талапкерлердин бири шайлоочулардын жарымынан көбүрөөк добушун ала албаса, экинчи тур өтөт. Ал 21-апрелге белгиленгени айтылган.

Президенттик шайлоо 31-мартта өтүп, өлкө башчылыгына 39 талапкер ат салышты. Украина президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Экинчи турдун жыйынтыгы 1-майга чейин белгилүү болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM