Биз менен байланышыңыз

«Чоң-Капка» көзөмөл өткөрүү бекетинде да кезек күтүү пайда болду

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 939 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда 223 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын бүгүн, 1-апрелге карата тараткан маалыматында айтылды.

Көзөмөл өткөрүү пунктунан 31-март кечки саат 20.00дөн тарта 1-апрелдин таңына чейин 158 унаа өткөрүлдү. Анын ичинде 84 автоунаада эл колдонуучу товарлар жүктөлгөн, 74 ичи бош жүк ташуучу унаа өттү.

Акыркы маалыматтарда «Чоң-Капка» көзөмөл өткөрүү пунктунда да 70ке жакын жеңил унаа, 30га жакын жүк ташуучу унаа кезекте турганы айтылды.

Мамлекеттик чек ара кызматы тыгындын пайда болушуна казак тарап жаңы орноткон чек ара бекетинде тыкыр көзөмөл жүргүзүп жаткандыгы себеп экенин билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM