Биз менен байланышыңыз

Эртең Кино үйүндө киножумалык башталат

1-апрелден 5-апрелге чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Дооронбек Садырбаевдин режиссерлугу астында тартылган көркөм тасмалардын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл артисти, белгилүү режиссер, көрүнүктүү коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгынын урматына арналып өтүп жаткан бул иш-чара эртең саат 13.00дө «Арман» көркөм тасмасы менен ачылат. Ошондой эле, 2-апрелде «Махабат дастаны», 3-апрелде «Түркүн тагдырлар», 4-апрелде «Акбаранын көз жашы», 5-апрелде  «Арман» көркөм тасмалары жалпы элге акысыз көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM