Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Орусия менен бирдиктүү билим берүү аянтчабыз болушу керек

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 757 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумуна катышты. Анда ал 30 жыл мурда Орусия менен Кыргызстан бирдиктүү билим берүү системасында болуп, дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берип турганын эске салды. Анын белгилешинче, ошол учурдагы билим берүү системасы эки өлкөнүн бардык тармагындагы адистик муктаждыкты чечип турган. Учурда мындай көрүнүш жок. Бул кырдаал биздин бирдиктүү билим берүү аянтчабыз болушу керектигин көрсөттү.

-Сиздер эки өлкөдө тең адамдык капиталды кантип өнүктүрүүнүн пайдубалын түзөсүздөр. 1992-жылы билим берүү тармагында Орусия менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүлгөн. Учурда Орусияда 15 миңден ашык кыргызстандык билим алууда. Ал эми Кыргызстанда билим алып жаткан орусиялыктардын саны 1500дөн жогору.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан менен Орусиянын ректорлорунун I форуму 28-мартта да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM