Биз менен байланышыңыз

Ражабалиев: Жүк ташуучулар алган акчага биз таасир эте албайбыз

Күн чекит | 12 Мар 2019 | 672 | 0

“Дордой” базарындагы айрым ишкерлер бажы таризинин баасын түшүрүүнү президенттен өтүнүшөт. Соодагерлердин айтымында, аталган базарда соода жүрбөй калды. Сатуучулар ай сайын жүк алып келишерин, ал үчүн жүктүн салмагына жараша 4,5 млрд сом төлөшөрүн айтышууда. Дордой базарында иштегендер ай сайын 600-700 млн сом салык төлөшөт, салыктын суммасы да жогорулатылган. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев Марал радиосунун  “Күн чекит” уктуруусунда соодагерлердин өтүнүчтөрү боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

Нурлан мырза, айрым соодагерлер эскертүү бербестен бажы таризин жогорулатып жатат дешүүдө. Ошол эле соодагерлерге, товар ташыган фирма-компанияларга эмнеге маалымат берилген эмес? 

Биз базардагы соодагерлер менен бир нече жолу жолугушканбыз. Талкуу болгон. Алардын сунушу боюнча жүк ташуучулар менен сүйлөшүп арзаныраак ташып берсе деп атышат. Бирок тариф боюнча биз төмөн түшүрө албайбыз. Себеби беш мамлекеттин ичинде ар биринин милдети бар. Биз дагы бир тепкичте алымдарды, кошумча наркка карап алынат. Жүк ташуучулар тарабынан алына турган акчага биз таасир эте албайбыз. Себеби бул бизнес. Анткени алардын чөнтөгүнө зыян келип атат, анда биз иштебей эле турабыз деп атышат. Бирок азыркы тариздөөгө нааразы болуп жаткан Дордой базарындагы соодагерлер бул “джинсы” саткан катардан болууда. Аларга деле эсептеп көрсөтүп бергенбиз. Себеби ошол эле джинсы шымдардын түрлөрүнө жараша эсептелет.  Себеби ар бир бөлүнгөн товарлардын килограмм, мүнөзүнө жараша алым алынат.

Негизи Кыргызстан ЕЭАБге мүчө болгондон бери ушундай бажы тариздөө жагы бир багытта жүрөбү? 

Бугүнкү күндө бажы кызматы ал биримдикке киргенден бери эле бир багытта иштеп келе жатат. Пландын өзгөрүшү биз мүмкүн болушунча шарт түзүп берип, мүмкүнчүлүктү толук колдонуу керек болууда. Себеби бизден башка да төрт өлкөгө жүк чыкса, алардын төлөмдөрү, кошумча нарк салыгы бизде калып жаткан соң ошонунун негизинде жүктүн көлөмүн көбөйтсөк деген ойдойбуз.

Бирок соодагерлер өкмөт азырынча убакыт берип, кошумча мөөнөт берилишин суранып жатышат.

Бизде андай шарт жок. Анткени ал тарифтерден төмөн түшө албайбыз. Экинчиден, бул тарифтер 2015-жылдан бери эле бар болчу. Көпчүлүк соодагерлер, жүк ташуучулар жакшы эле билишет да. Брокерлер деп коёт ошолордун кол алдында жазылган кагаз боюнча маалымат алышкан. Анан эмнеге кошумча маалымат берилген эмес деген сөз эмнеге чыгып жатат бул жерде тушүнүксүз болууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM