Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 674 | 0

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын чечими менен Октябрь райондук сотунун судьясы Э.Ч. жана башка кызматкерлерге карата 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иш козголгон тараптар ошондой эле, мас абалында унаа башкаргандар үчүн айып пул катары төлөнүүчү 4,7 миллион сомду кымырып алган деп айыпталууда.

Аталган иш боюнча тергөө жүргүзүү Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына жүктөлдү.

Copyright © 2017 Maral FM