Биз менен байланышыңыз

Боронов: Картошканын чирип жатканы тууралуу факты жок

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 935 | 1

Парламентте картошка маселеси көтөрүлүп, көптөгөн дыйкандар өнүмдөрүн сата албай жатканын эл өкүлдөрү айтышты. Депутат Жыргалбек Турускулов дыйкандар картошкасын 4-5 сомдон сатып жатышканын, анын басымдуу бөлүгү чирип жатканын билдирди.

Ошондуктан дыйкандарга кандай жардам болору тууралуу депутат суроо узатты. Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурда картошканын баалары 5 сомдон төмөндөгөн жок.

Бүгүнкү күндө баа 5,5 сомдон төмөн түшкөн жок. Ысык-Көл, Кочкор аймагында 5,5 сомдон 7 сомго чейин болууда. Түштүк аймакта 10-12 сомдон болууда. Ал эми анын сатылышы боюнча айтсак, бүгүнкү күндө Ысык-Көл зонасында 59 миң тонна эле картошка калды. Албетте, картошкабыз чирип жатат, сата албай жатабыз деген нааразылыктарды угуп жатабыз. Бирок ушунча тонна картошка чирип кетти деген фактыларды айыл өкмөттөрүнөн ала албай жатабыз. Мисалы, бир айлык көрсөткүчтү айтсак, 9-январдан 10-февралга чейин 82 миң тонна картошка башка мамлекетке сатылды.

Боронов мындан тышкары, Азербайжан мамлекети Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен 2 миң тонна картошка сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, учурда картошканы транзиттөө боюнча маселе чечилүүдө.

Эске салсак, 26-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев “Марал” радиосуна Кыргызстандын картошкалары Өзбекстанга сатыла баштаганын айткан. Кошуна өлкөгө картошка ташуучу компания менен келишим түзүлүп, 5 миң тонна картошка даярдалууда. Андан тышкары өзбекстандык 10 топ картошка сатып алып жатканын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда ички керектөөнү кошкондо, сатылбай турган 70 миң тонна картошка бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек ыссык-колдон

    06.03.2019 18:43

    Ак уйдо жатып алып кайдан билмек эле айыл кыдырып элди аралап баарын коруп анан суйлош керекта жалган малыматарды айтпай

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM