Биз менен байланышыңыз

Сагынбаев: Мунайды кайра иштетсек, май арзандайт

Күн чекит | 4 Мар 2019 | 747 | 0

Март айында күйүүчү майдын баасы 3% арзандайт  деген прогноз болуп жатат. Буга чейин май куйуучу жайлардагы чекене баанын ортосундагы айырмачылык 10 сомдон ашып жатканы боюнча маселе парламентте көтөрүлгөн болчу. Ушул маселенин алкагында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин төрага орун басарыЖыргалбек Сагынбаев “Күн чекит” программасында суроолорго жооп берди.

-Негизи эле бааларды арзандатууга мүмкүнчүлүк канчалык? 

— Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздоо боюнча Орусия менен индекативдик баланс түзүлүп келет. Биздин мамлекеттик комитеттин башкы максаты Кыргызстанды толугу менен күйүүчү май менен камсыз кылуу болуп саналат. Ал эми өкмөттүн милдети – ички бааларды, акциздик бааны көзөмөлдөө. Негизи эле 2019–жылга карата Кыргызстан майга болгон керектөөсү 1 млндон ашыгыраак. Ал эми кошумча нарксыз алып келүүдө келишим түзүлгөндө дароо эки сомго арзандаган. Белгилей кетсек, ошол эле Орусиянын өзүндө биздикине болгон баага салыштырмалуу эки сомго кымбат. Себеби мунай болгон менен ички мыйзамы ушуга жол берилген. Эми арзандатуунун кандай жолдору бар? Учурда Казакстан тарап менен сүйлөшүү болууда. Келишимдин негизги пунктары такталып жатат. Ал процедуралар сүйлөшүлгөн соң бааны арзандатуу жагы дагы каралат.  Ооба, учурда Казакстанга салыштырмалуу баалар бизде кымбатыраак. Бирок жол кире эсептелип жатпайбы. Бирок жазгы талаа иштерине карата ушундай сүйлөшүү болуп жатат.

Ооба, Кыргызстан мунай сатуучулар биримдиги «10-15 сом айырмачылык бар экен» деген болбогон сөз деп дешип, Казакстандагы баага салыштырып болбосун айтышууда. Бирок ошентсе деле мунай жетиштүү өндүрүлбөгөн өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда бензиндин чекене баасы бир топ эле арзан деп айтылган жүйө негиздүүбү ?

-Албетте. Айырмасын билүү керек. Эгерде күйүүчү май жетишпей жатып, анан баасы кымбаттаса бир жөн эле. Бирок биз белгилей кетүү керек, биздин комитет ошол эле май куйган жайлардагы бааларды тескей албайт. Андай милдет жок. Эң башкысы, биз бир гана ички рынокто толук камсыздоо жагын гана тескей алабыз.

— Негизи күйүүчү май рыногундагы негизги «оюнчулар» базар баасына каршы келген ыкмаларды колдонуп жатат деген нааразычылыктар буга чейин деле айтылып келген да. Жакында эле өкмөт бул маселеге көңүл буруу керектигин айтты. Бирок баа саясатына келгенде өкмөт керектөөчүлөрдүн укугун бузган жагдайларга көңүл бура алабы ?

— Ооба, өкмөт башчы бул маселеге жооптуу мамлекеттик кызматтарга талап коюп жатат. Эң биринчи кезекте эле күйүүчү майдын баасы арзан болушу керек деди премьер-министр. Тагыраагы, дүң баа менен чекене баанын ортосунда чоң айырмачылык болбошу керек. Бул жаатта иш алып барылып жатат. Бирок мен өндүрүшчү катары айтат элем, бүгүнкү күндө бизде кичине болобу же чоң болобу, мунайды кайра иштетүүчү заводдор бар. Ошолорго чийки заттарды өзүбүз кайра өндүрсөк дагы арзандамак. Бул үчүн Орусия тарап менен сүйлөшүү керек. Ал үчүн заводдорду модернизациялоо зарыл. Бул бааны арзандатуунун бирден бир жолу катары сунуштайт элем.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM