Биз менен байланышыңыз

12-февралдан 4-мартка чейин жол эрежесин бузгандарга айып салынбайт

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 2208 | 0

12-февралдан 4-мартка чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга чара көрүлбөйт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, “Кыргызстандагы жол кыймылы” боюнча мыйзам долбоору 4-марттан тарта күчүнө кирет. Ошондуктан мыйзам ишке кире электигине байланыштуу «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында коюлган камералар каттаган фактыларга чара көрүү токтотулду.

Анткени бул мыйзам долбоору боюнча 10 күндүн ичинде айып төлөнсө, анда ага 50% көлөмүндөгү арзандатуу каралган. Бирок бул мыйзам долбоору 10 күндөн кийин гана күчүнө кирет. Ошол себептен айдоочуларга “бактылуу каттар” 4-марттан тарта гана жөнөтүлө баштайт. Биз мындай чечимди баардык айдоочуларга бирдей шарттарды түзүп берүү максатында кабыл алдык. Анткени азыр ошол каттарды жөнөтүп жиберсек алар ошол 50%дык арзандатуу менен пайдалана албай калмак, бул туура эмес”, — дейт Саркулов.

Өзгөртүлгөн, толукталган мыйзамга ылайык, 4-марттан баштап эреже бузгандарга айып кагаздары жөнөтүлө баштайт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол кесилиштерине коюлган көзөмөл камералары 12-февралдан тарта иштей баштаган. Андан бери 18600 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Copyright © 2017 Maral FM