Биз менен байланышыңыз

Орусия бүгүндөн тарта тамеки өнүмдөрүнө милдеттүү маркалоо киргизди

Коом , Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 630 | 0

Бүгүн 1-марттан баштап, Орусияда сигаретке милдеттүү сандык маркалоо киргизүү башталды. Бул тууралуу ТАСС маалымат булагы жазып чыкты. Мындай кадам рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатып, контрафактты жоготууга жардам болору белгиленет.

Маркалоо үч этап менен ишке ашырылышы керек. 1-марттан тарта кызыкдар тараптар системага катталышат, 1-июнда болсо маркалоону башташат. 2020-жылдын 1-июлунан тарта сигареттер сандык коддор менен сатыла баштайт.

Тамекини сандык маркалоо менен сатуу сыноо иретинде 2018-жылдын апрель айынан башталган.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, 2015 – 2018-жылдары Орусиядагы легалсыз тамеки рыногу сегиз эсеге өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM