Биз менен байланышыңыз

Аймактык башкаруудагы айрым көйгөйлөр

Коом | 28 Фев 2019 | 991 | 0

Бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда «Аймактарды өнүктүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын экинчи күнү улантылды. Форумду өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ачып, аймактардын өнүгүүсүнүн негизи учуру жана келечеги тууралуу кеп козгоду. Чогулушка депутаттар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү катышты. 

Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган форумдун экинчи күнүндө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолукту. Ал катышуучулардын көңүлүн өз алдынча башкаруу системасындагы көйгөйлөргө бурду. Конференцияда премьер-министр 2016-жылы ушундай ири жыйын өткөрүүгө камынып, бирок өтпөй калганына токтолду.

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жетишкендиктер менен бирге системалуу көйгөйлөр да бар. Алардын баары ырааттуу түрдө чечүүнү талап кылууда.

-Жергиликтүү бийлик органдарына элдин ишеними төмөн. Аймактык көйгөйлөрдү чечүүдө райондук органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо начар. Акимиаттар өздөрү эч нерсе жасабай, өкмөттү күтүп отура беришет. Айыл аймактарда жоопкерчилик начар, кээ бир жерлерде такыр эле жок. Көп жергиликтүү кеңештердин иши эффективдүү эмес. Ушулардын айынан учурда 374 айыл аймагы (83,5%) мамлекеттик дотацияда отурат. Көп айыл өкмөттөрдүн дотацияны кыскартуу боюнча так пландары жок. Жергиликтүү бюджетти толтуруу жана кошумча булактарды табуу боюнча иштер жүргүзүлбөйт.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, жергиликтүү жетекчилер түздөн-түз өзүнүн милдеттерин толук аткарбай, кайдыгерлик менен мамиле кылып, жергиликтүү потенциалды пайдалана албай жаткандыгын көрсөтүп турат. Ошентсе да акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтиле турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев мыйзам түрүндө райондук акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өкмөттүн демилгесин колдоп чыкты.

Анын айтымында, бир да аким кызмат ордун сактап калууга кызыкдар эмес жана аны жоготсо да кейип койбойт.

-Учурда акимдер өздөрүнүн кызмат ордун сактап калууга кызыкдар эмес жана аны жоготсо да каршылык кылбайт. Мурункудай болбой калган — аларда эч кандай ыйгарым укук болбогондуктан, өзүнүн району үчүн бул ишти аткармакмын деп чыгып, каршы болушпайт.

Катышуучулар тарабынан мындай форумду жылда өткөрүп туруу сунушу берилген. Бул форматтагы диалог улантыла турганын Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

-Бул диалогду жыл сайын өткөрүүнү президент дагы колдоду. Чогулуш көйгөйлөрдүн актуалдуулугуна жараша түзүлүп жатат. Форумда элдин, бизнес коомчулугунун үнү дагы угулат.

Форумдун жүрүшүндө президенттин кеңешчиси Дастан Догоев санариптештирүү боюнча толук маалымат берди.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда санариптештирүү абал жакшы эмес. Азыр баардык коңшу өлкөлөр санариптешүү стартегиясын жүзөгө ашырууда. Санариптештирүү кошумча жумуш орундарын түзөт. Ошону менен бирге санариптик көндүмдөрдү колдонуу, башкаруу системасынын эффектүүлүгүн жогорулатууга жол түзөт.

-Бул экономиканын өнүгүүсүндө жаңы “жол картасы” жакшы жетишкендиктердин жакшы философиясы десек жаңылышпайбыз. Кыргызстандын 2040-жылга чейин акылдуу технологияларды, системаларды колдонгон, ишкерлерге жана жарандарга сапаттуу кызматтарды көрсөткөн, потенциалы жогору өлкө болушу керек. Ошондой эле билим берүү тармагына санариптик билим берүүнү киргизүү маалыматтык технологияларды колдонуу менен билим берүүнү өнүктүрүү жана жогорулатууга, квалификациялык IT-адистерди даярдоого мүмкүндүк берет. Мектептерди интернетке кошуу менен бир эле күчтүү мугалим бир убакта миң окуучуну окутууга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын толук билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Догоев өлкөдө “Түндүк” системасы аркылуу 245 миң жаран электрондук системаларды колдонгонун кошумчалады. Буга айыл өкмөттөрү, почта кызматтары да кирет. Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү, эсеби жок маалым кат-негиздемелерди талап кылууну жокко чыгарат.

Форумга катышып жаткан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн дарегине дагы сындар айтылды. Анткени катышуучулар үчүн атайын презентациялар көрсөтүлүп жаткан мезгилде алар залдан чыгып-кирип жатышты. Бул өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кыжырдантты. Ал залда отурган чиновниктерди сүйлөп жаткан адамды сыйлоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM