Биз менен байланышыңыз

Финансы министрлиги: Бакиевдердин акчасы которула элек

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 623 | 0

АКШ Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн долларга жакын каражатты Кыргызстанга которгонун массалык маалымат каражаттары жазды. Финансы министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Түгөлбаева акча которула электигин айтты.

Биз массалык маалымат каражаттарындагы маалыматты текшерүү үчүн Улуттук банк менен байланыштык. Азыркы учурда Кыргыз Республикасына АКШдан акча келип түшө элек. Мүмкүн эртең же бүрсүгүнү которулушу мүмкүн. Азыр акча которулганы системадан көрүнө элек. 

Буга чейин Бакиевдердин тушунда өлкөдөн АКШга 6 млн доллар чыгарылганын, аны кайтаруу боюнча келишим түзүлгөнү кабарланган. Бул акча аймактарды өнүктүрүүгө, дары-дармек алууга, таза суу менен камсыздоого жумалашары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM