Биз менен байланышыңыз

Өкмөт коррупцияга каршы кеңештин курамын бекитти

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 649 | 0

Өкмөттүн алдындагы коррупцияга каршы кеңештин курамы бекитилди. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Антикоррупциялык кеңештин курамына президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, бир катар министрлик, мекемелердин жетекчилери, жарандык сектордун жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү кирди.

Антикоррупциялык кеңештин төрагасы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болду. Анын орун басары катары коопсуздук маселелерин караган вице-премьер министр Жеңиш Разаков бекитилди.

Төраганын дагы бир орун басары жарандык коомдун өкүлү болот. Ал эми өкмөт аппаратынын коргонуу, укук тартиби жана чукул кырдаалдар боюнча бөлүм башчысы кеңештин катчысы болду.

Copyright © 2017 Maral FM