Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 617 | 0

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билимди жана окуу усулдарын баалоо борбору билдирди.

Каттоо 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Ал негизги жана предметтик тестирлөөдөн турат жана 320 сом төлөө керек.

Эске салсак, быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда кыргыз тили билими эске алынат. Ал үчүн 11-класстын бүтүрүүчүлөрү «Кыргызтесттин» сайтына кирип катталат.

Тесттин сертификатына ээ болгондорго жогорку окуу жайына бюджеттик орундарга кабыл алууда артыкчылык берилет. Бул ыкма 2019-жылы ыктыярдуу түрдө болсо,  кийинки жылдан баштап милдеттүү боло баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM