Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жарым миллион мал эмделет

Без рубрики , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 507 | 0

Ысык-Көл облусундагы кой-эчкилерге күл (чечек) оорусуна карата эмдөө иштери башталды. Бул жылдын аягына чейин жалпы 533 миӊден ашуун ача туяктуу жаныбарларга вакцина колдонулат. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык фитосанитардык инспекциясынын Ысык-Көлдөгү жетекчиси Бакыт Шарапов билдирди.

Маалыматка ылайык, кой-эчкиден чыккан күл оорусунун алдын алуу иштери жыл аягына чейин 4 этапка чейин жүргүзүлөт.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 900 миӊге жакын ача туяктуу майда мал жандыктары бар. Быйылкы жылы алардын 50%дан ашыгын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз. Анткени бул ылаӊ малдын денесинде вирустук клеткаларды алып жүргөндүктөн, майда козуларга бат жайылып кетиши ыктымал. Азыркы тапта мамлекеттик инспексия тарабынан тиешелүү дары-дармектер камсыздалды. Мал ээлери болгону эмдөө жасаган ветеринарларга эмгек акысын төлөп берүүсү шарт, — деди Шарапов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM